Бул жолу да кыз төрөлсө эмне болот? Анда тактынын мураскери жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келеби? Кечээкиге чейин Японияда ушул өңдүү санаркоолор угулуп келген.
6-сентябрда эртең менен императордун башкы үй-бүлөөлүк дарыгери Ичиро Каназава миллиондогон япондуктар күтүп жаткан кабарды сүйүнчүлөдү:
-Ханзада Акишинонун жубайы, каныке Кико саат 8.27де Токионун Аику бейтапканасында улуу императордун уркун улай турган ханзада тартуулады.
39 жаштагы каныкеге Кесарь операциясы жасалды. Ымыркайдын салмагы 2 жарым килограмм, аты болсо, салтка ылайык, келээрки жумаларда өтө турган атайын салтанатта коюлат.
Императордун сарайынын алдында чогулган эл кабарды “Банзай!” деген ураандар менен тосуп алышты.
Кабинеттин баш катчысы Шинзо Абе сүйүнүчүн жашыра алган жок:
Ханзаданын жарыкка келиши абдан бактылуу учур. Каныке менен ымыркайдын абалы жакшы деген кабар кубанаарлык. Мен өзүмдү азыр күзгү ап-ачык асмандай жеңил сезүүдөмүн.
Баш катчынын метафорасын колдонсок, дүйнөдөгү эң байыркы падышалык династиянын асманын чындап эле кара булут каптап келаткан эле. Мыйзамга ылайык, тактыга эркек мураскерлер гана отура алышат. Бирок 1965-жылдан бери императордун үй-бүлөөсүндө бир да эркек туулган эмес.
5 жыл илгери каныке Масако кыздуу болгон. Ошондон бери ал элге көп чыкпай калды. Гарварддын бүтүрүүчүсү, кесиби боюнча дипломат Масако ханзада Нарухито менен баш кошуп, карьерасынан баш тарткан.
Бирок императордук сарайга жаңы дем берүүнүн ордуна каныке ошентип көлөкөдө калды.
Коомдук кысымга баш ийип, өкмөт аялдарга тактынын мураскердигине жол ачкан мыйзамды караштырууга даяр болчу.
Андай болсо император Акихитонун улуу баласы ханзада Нарухитонун кызы каныке Аико 300 жылдан берки салтты бузуп, Япониянын биринчи канышасы болуп калмак.
Бирок жаңы ханзаданын төрөлүшү реформалык пландарга чекит коет болушу керек.
Эскичилдер эми тынч уктай алышат. Ал эми модернизацияны каалагандар күрөштү уттурушту көрүнөт.