Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

БАТЫШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ООГАНСТАНДАГЫ АРАКЕТТЕРИ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 5-сентябрда Лондон шаарында Ооганстандагы абал боюнча эки башка отчет жарыяланды. Алардын авторлору НАТО уюмунун жана Батыш мамлекеттеринин Ооганстандагы аракеттерин сындап, 2001-жылы Талибан кыймылы талкаланган кезде коюлган максаттарга дүйнөлүк коомчулук жете алган жок деген корутундуга келет.

Биринчи отчет - коопсуздук жана өнүгүү маселелерин изилдеген "Сенлис" деген кеңеш тарабынан даярдалган жана анда - беш жыл ичинде Ооганстанда болгон окуялар иликтенип, акыркы айларда Талибан кыймылы кайрадан күчүнө кирип, эл аралык коалициянын аскерлерине мурдагыдай каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү болуп алды деген жыйынтык чыгарылат. Айрым Батыш мамлекеттеринин аскерлери болсо кээде мыйзам бузуп жана жергиликтүү калктын укуктарын тепсеп аракеттенгендиктен, өлкөдөгү жалпы абал өтө начарлап кеткен. Мисал катары отчеттун авторлору Ооганстандагы британиялык аскерлердин жүрүм-турумун келтирет.

Натыйжада - мындан беш мурда талкаланып, бийликтен кулатылган Талибан кыймылы эл арасында кайрадан колдоого алына баштады, Ооганстандын көптөгөн аймактары эми кайра талибдердин колуна өткөндүктөн, согуш майданы азыр өлкөнүн аймагын кайрадан экиге бөлүп калды.

Андан тышкары, отчеттун авторлору Ооганстандын Кандагар жана Гелманд провинцияларында түзүлгөн он бешке жакын качкындар айылдарына да барган. Алардын ар биринде он миңге жакын адам жашайт, бирок алар эл аралык кайрымдуулук уюмдарынан дээрлик эч кандай жардам албайт. Аскерий операциялар үчүн миңдеген доллар короткон Батыш мамлекеттери качкындарга жана башка карапайым адамдарга жетиштүү жардам көрсөтпөй жатканы эл арасында антибатыштык маанайды күчөтүүдө, дейт Кеңештин аткаруучу деректири Эммануил Райнерт. Ошондуктан, анын айтымында, Батыштын Ооганстандагы аракеттери максатына жеткен жок деген жыйынтык чыгарса болот.

Экинчи отчет - Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институт тарабынан даярдалган. Анын авторлорунун пикиринде, 2001-жылы Талибан кыймылын Ооганстандагы бийликтен кулаткандан кийин Батыш мамлекеттери өлкөдөгү кайра куруу аракеттерин жетиштүү дэңгээлде жүргүзө алган жок. Коопсуздук маселелери толук чечиле электе жаңы диний эмес тартип орнотуу аракеттери дагы диңге терең ишенген эл арасында каалаган жыйынтыкка алып келе албады.

Балдарын жана туугандарын багыш үчүн оогандыктар апийим өстүрүүгө аргасыз, бирок эл аралык аскерлер жана уюмдар аны сынга алып, апийим өндүрүүгө тыюу салгандыктан, карапайым калк жашоо каражаттарынан айрылууда, талибдер болсо апийим өндүрүүнү колдоп, элди мүдөөсүнө жеткиргендей болуп чыгууда.

Мындан үч жыл мурда Ооганстандагы аскерий аракеттерди жетектөөдөн АКШ баш тартып, ал ишти НАТО уюмуна өткөрүп бергенин дагы Талибан - коалициянын аскерий күчү бир кыйла солгундагандай кабыл алып, өзүнүн бир кезде кыйраган аскерий топторун кайрадан калыбына келтирүүгө киришти, деп айтылат отчетто.

Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошол эле 5-сентябрда эки отчетту тең сынга алып, алардын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Министрликтин басма сөз катчысынын айтымында, Ооганстандагы аракеттер ийгиликтүү жүрүп жатканы баарыга белгилүү.

2001-жылдын сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери көрүлгөндөн кийин Вашингтон Талибан кыймылына кайрылып, Ооганстанда жашынган Усама бин Ладенди кармап берүүнү талап кылган. Талибдер ал талапты аткарбагандыктан, октябрда АКШ аскерий аракет баштап, Талибанды бийликтен кулаткан. Бирок 2003-жылы АКШ Иракка каршы да согуш баштагандыктан, эл аралык коалициянын Ооганстандагы аскерлери НАТО уюмунун башкаруусуна өткөн. Үстүбүздөгү жылдын июлунда болсо Ооганстандагы америкалык аскерлерди дагы НАТО башкарууга киришти. Азыр өлкөдө бардыгы болуп 19 миң чет өлкөлүк аскер бар.

XS
SM
MD
LG