Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

БАТКЕН: ЧЕГАРАНЫ КАЙРАДАН ЧЫР БАСТЫ


Cабыр Абдумомунов, Баткен Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жашоочулары Миңөрүк кыргыз айылы менен Сурх тажик айылынын ортосуна орнотулган тажик чегара бекетин алып салуу тууралуу Исфара районунун башчыларына талап коюшту. Буга 6-сентябрь күнү болгон окуя себеп болду. Анда кыргыз атуулдары менен тажик чегарачыларынын ортосунда катуу чыр чыккан.

Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен жерде 12-майда кол салуу болгондон кийин Тажикстан өзүнүн көчмө бекетин жайгаштырган болчу. Террорчуларга каршы туруу макстында орнотулган бул чакан бекет аркылуу Самаркандек, Актатыр, Аксай айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары облус борборуна катташат.

6-сентябрь күнү тажик чегарачылары курулуш иштери үчүн теректерди алып бараткан Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундарын өткөзбөй, ашыкча акча сурашкан. Айыл өкмөттүн жашоочулары нааразычылык билдирип, бекеттеги чегарачылар менен мушташканга чейин барышкан.

Окуя болгон жерге кыргыз жана тажик ички иштер кызматкерлери, Исфара жана Баткен райондук акимчилигинен өкүлдөр келишти. Баткен районунун акими Дастан Хаджаев буга чейин деле Исфара районунун акимине бир нече жолу кат аркылуу кайрылып, натыйжа чыгара албай койгонун жана Сурх чегара бекетинин зарылчылыгы жок экенин айтты:

- Миңөрүк деген айыл бар. Ал жерде эл аралык долбоорлор менен, элдин күчү менен биз тапкы уруп атканбыз. Айыл башы ошол теректерди алып келгенде Тажик республикасынын чегарачылары документ сурап, документ так болгонуна карабастан, акча сураган. Ушунун артынан чоң ызы-чуу чыгып атат. Бул пост кереги жок. Тажик туугандар, бул пост терроризмге каршы күрөш деп айтып атышат. Бирок аялдар, жаш балдардын терроризмге кандай тиешеси бар мен түшүнбөй атам. Ашыкча текшерүүлөр болуп атат, мага да бир нече жолу элдер кайрылган акча сурап атышат деп. Мен бул боюнча Исфара районунун акими Якубова Мухипага бир нече жолу кайрылгам. Бирок тартипке салынбай атат, - деди Баткен районунун акими Дастан Хаджаев.

Ал эми Тажикстандын Исфара районунун башчысынын орунбасары Бахром Бабаев кырдаал толук териштирилмейинче жооп бере албай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG