Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

БИЙЛИКТИН БИР ЖЫЛЫ – ЭСЕПТИН КЕЗЕГИ КЕЛДИ


Конституция реформасы кечигип жатабы? Өзбекстан газдын баасын кымбаттатса Кыргызстан эмне кылат? Бейшембидеги кыргыз гезиттеринде саясий-экономикалык темалар арбын козголду.

Кайсы бир зөөкүр Азимбек Бекназаровго кол көтөрүп, эгер ал дагы бийликти сындай берчү болсо акесин таанытып коерун эскертиптир, деп жазат бейшембидеги «Лица» гезитинде Ж.Сапарбаев. Автордун ырасташынча, бийликке каршы турчу А.Бекназаров элдик курултайды өткөрүү камылгасына киришкен чагы.

Элдик курултай 17-сентябрда Аксы районундагы Боспиекте, Мазар Шейитте өтмөкчү. Жаңы иш-чара «Акаевчилик жоголсун!» деген ураандын алдында өтөт. Ага улай конституциялык реформа, коррупцияга каршы күрөш, мурдагы президенттин үй-мүлкүнүн тагдыры, Аксы окуялары тууралуу кеп болот.

А.Бекназаровдун ушул эле гезитте жарыяланган маегинде курултайга каалоочулардын баары катыша тургандыгы, бирок да ага өткөрмө кагазы бар инсандар гана киргизилери маалымдалган. Орозо айына чукул өткөрүлгөн курултайда белгиленген талаптар аткарылбаса анын экинчиси кийинчерээк Бишкекке чакырылат, деп маалымдайт А.Бекназаров.

А.Бекназаровдун экинчи бир маеги «Алас» гезитинде чыкты. «Карапайым калкка биз «Акаев кеткенден берки 1,5 жыл ичинде эмне кылдык?» деп отчет берели деп турабыз,- дейт «Асаба» партиясынын жетекчиси.- Эгер эл-журт «силер туура эмес кылып атасыңар, Бакиев жакшы иштеп атат, силер ага тоскоол болбогула, иштегенге мүмкүндүк бергиле» деп чечсе, биз ошого макул болобуз. Же тескерисинче, «Бакиев бизге берген убадасын аткарган жок, анүчүн андай кылсын, мындай кылсын» деп сөзүн айтса, ошого жараша чечим кабыл алабыз. Эл азыр саясий талаш-тартыштардан тажап бүттү».

Кыргыз-өзбек ымала-катышында кийинки кездери экономикалык маселеден саясий өңүткө ооп кеткен газ көйгөйү тууралуу «Алас» гезити биртоп саясий ишмерлердин, адистердин, илимпоз окумуштуулардын пикирин жарыялады. Саясатчы Топчубек Тургуналиев 2001-жылы өзбектер газды бербей койгондо а кездеги башминистр К.Бакиев сууну токтотуп коюуга киришкенде маселе оңуна чечилген дейт. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Эмил Алиев маселени антип күчкө салбай, эки өлкө ортосундагы достук ымала, дипломатия аркылуу чечкен туура болот деген пикирде.

А.Бекназаровдун президент К.Бакиевге, өкмөт башчы Ф.Куловго кайрылуусу бейшембидеги «Мезгил» гезитинде жарыяланды. Анда мурдагы өкмөттүн Аксы районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алган иш-чара планы аткарылбай жатканы, атап айтканда «Актерек» каналынын курулушу аягына чыкпай, Чаткал-Алабукага өтчү канжолдун ышпалдасы чыгып, эмдигиче оңдолбой жатканы, айрым мектептердин имараттары, айыл жашоочуларынын үйлөрү ураганы турганы айтылган.

«Бир эле жылдын ичинде жарым Жалалабат шаары бир үй-бүлөнүн атына толуп калыптыр», дейт «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева «Мезгил» гезитинде жарыяланган маегинде. 2005-жылы революционерлер жыйын өткөргөн Жалалабаттагы Пахтаабад көчөсү азыр Сали Бакиев, дагы бир борбордук көчө Жусуп Бакиевдин, шаардагы чоң мектеп да президенттин инисинин атына коюлган.
XS
SM
MD
LG