Алар өкмөт-башчы Тони Блэрди качан отставкага кетээрин ачык айтууга чакырышты. Лейбористтик партиянын өкүлдөрү “Тони Блэр тарабынан түзүлгөн түшүнүксүз кырдаал өкмөткө жана партияга зыян келтирет” деп эсептешет. Кабарларга караганда, Блэр болочок пландары тууралуу бүгүн маалымат бериши керек. Айрым британиялык гезиттер өкмөт башчы Тони Блэр өкмөттө келерки жылдын орто чендерине чейин кала турганы жөнүндө жазып чыгышты.