"Ысыккөл» биосфералык аймагынын бир нече кызматкерлери республиканын жетекчилерине, укук коргоо органдарына жолдогон каттарында аймактык жетекчиси тарабынан укуктары тебеленип жатканы, аны коргоп калууга чара көрүү талаптары айтылат.
Алар жаз айларында Балыкчы шаардык прокуратурасына эмгекке болгон укуктары бузулуп жатканын айтышып кайрылышкан. 2006- жылдын 25-майында Балыкчы шаардык прокуратурасы «Ысыккөл» биосфералык аймагынын башкы директору Эмил Каптагаевдин кадрлык, структуралык өзгөртүүлөргө байланышкан чечимдери мыйзамсыз экендигин эскертип, бошогон кызматкерлерди мурдагы ээлеген жумуш орундарына кайрадан коюну талап кылган. Мындай талап аткарылбагандан кийин шаардык прокуратура Балыкчы шаардык сотуна кайрылган.
2006-жылдын 25-июлунда Балыкчы шаардык соту прокуратуранын өтүнүчтөрүн толугу менен канаттандырган б.а. кызматкерлерди өз жумуш ордуларына кою чечимин чыгарган.
Өз укугун талашып жаткандардын өкүлү Туратбек Кожокеевдин пикиринде Эмил Каптагаев башкы директор болуп келгенден бери өзүм билемдик күчөп, конкурстар мыйзамсыз өтүп, башкалардын кызыкчылыгы менен эсептешпей жалаң гана туугандарын, жакын адамдарын кызматка алгандыгы айтылат.
- Бул конкурс абдан балит өттү. Каптагаев мурда эле тизме түзүп, ошонун негизинде кабыл алды. Ал жерде кызматкердин билим деңгээли каралган жок. Биринчи кезекте тааныштык, акүйдөн, көкүйдөн телефон чалуулар аркылуу жумушка алышты, - дейт Туратбек Кожокеев.
«Каркыра» экологиялык постунун инспектору болуп иштеп келген Кубан Орозбаев конкурста кызматкердин эмгек стажысы, кесипкөйлүк дарамети, билими эске алынбай эле, тескерисинче бул тармакта иштебеген, тажрыйбасы жоктор, чөнтөгү калыңдар, пенсия жашындагылар да кызматка келгендерине нааразы:
- Биздин эмгек китепчебиздеги эмгек стажыбыз, билимибиз таптакыр эске алынган жок. Бул жерде эмгек кодекске байланшытуу укугубуз бузулду. Мындан сыртркары биздин жетекчилик конкурс өткөрүүгө өзүнүн ыйгарым укуктары жок болсо да өткөрүп ал жерде да мыйзам бузду,- дейт Кубан Орозбаев.
«Ысыккөл» биосфералык аймактын башкы директору Эмил Каптагаев өз аракеттери мыйзамдуу болгондугун, арызданып жүргөн мурдагы кызматкерлерди кайсы бир адамдар ушул жолго түртүп, уюштуруп жатышканын айтат. Балыкчы шаардык прокуратурасынын кайрылуусу менен соттун чыгарган чечими менен Каптагаев мырза макул эместигин айтып, бул чечимди жокко чыгаруу үчүн облустук сотко апелляциялык негизде кайрылганын кошумчалады:
- Конкурс менен жаңы кызматкерлерди алдык, бардыгы мыйзамдын нугунда болду. Прокуратура эки ай текшерди, эгер комиссиянын ишинде туура эмес бир нерсе болсо эбак эле басып жыгылымак. Бир дагы илинчек табышкан эмес, демек мыйзамдуу- дейт башкы директор Каптагаев Эмил мырза.
Биз бул оош-кыйыштуу маселеге түшүндүрмө берүү максатында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эмгек уку коргоо боюнча башкы инспектору Болот Намазбековго кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду:
- Мамлекеттик ишкана болгондон кийин кыскартуу же бошотуу болгондо мыйзам боюнча ар кызматкердин эмгек стажысы, ишкерлик сапаты, эмгек өндүрүмдүүлүгү эске алыныш керек, бул жерде ушул жобо аткарылган эмес,- дейт башкы испектор Намазбеков.
Ушул кабар эфирге чыгар алдында «Ысыккөл» биосфералык аймакка байланышкан облустук деңгээлдеги соту иши 15-сентябрда Каракол шаарында боло тургандыгы белгилүү болду.
Бакыт Орунбеков, Бишкек