Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

АКШ ЖАШЫРУУН ТҮРМӨЛӨРДҮ ПАЙДАЛАНГАНЫН ПРЕЗИДЕНТ БУШ МОЮНГА АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 6-сентябрда АКШ президенти Жорж Буш сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, дүйнөнүн ар башка мамлекеттериндеги жашыруун абактарда кармалган туткундар Куба аралындагы америкалык аскерий базага которулганы жөнүндө билдирди. Анын айтымында, аларга карата мамиле Женева конвенциясына ылайык болот жана алар аскерий трибунал тарабынан соттолот.

АКШга каршы 2001-жылдын 11-сентябрында ири террордук аракеттер ишке ашырылгандан кийин өлкөнүн чалгындоо кызматтары Ооганстан жана башка мамлекеттерде көптөгөн шектүү адамды кармаган. Эгер алар АКШнын аймагына алып келинип, мыйзам чегинде сурак жүргүзүлгөндө, айрым эксперттердин пикиринде, пландалып жаткан жаңы террор аракеттери жөнүндө алардан маалымат алуу кыйын болмок. Ошондуктан Куба аралындагы америкалык Гунтанамо аскерий базасында 2002-жылы атайын абак уюштурулган жана анда акыркы мезгилге чейин төрт жүз элүүгө жакын адам кармалган.

Айрым учурларда болсо Борбордук чалгындоо агенттиги кээ бир туткундарды башка мамлекеттерге жашыруун алып барып суракка алган жана, укук коргоо уюмдарынын айтымында, абактарда алар кыйналган.

Андай жашыруун түрмөлөр жөнүндө былтыр ноябрда "Вашингтон пост" гезити жазып чыккан, бирок АКШ жетекчилиги башында - эч кандай жашыруун абактар болбогону жөнүндө, андан соң - туткундардын укуктары бузулбаганы жана америкалык тергөөчүлөр дайым мыйзам чегинде аракеттенген деп айтып келген.

Президент Жорж Буш болсо эми - андай жашыруун абактарда кармалган 14 туткун Гуантанамо базасына жеткирилди жана жакын арада соттолот деп билдирди. Абактар кайсы мамлекеттердин аймагында болгонун президент айтуудан баш тартты жана туткундар кыйноого алынган эмес деп дагы бир жолу кайталады: "Биздин калкка жана дүйнөгө мен чындыкты айткым келет - Америка Кошмо Штаттары кыйноолорду колдонбойт. Ал биздин мыйзамдарга жана биздин баалуулуктарга каршы келет. Кыйноо жүргүзүүгө мен эч качан уруксат берген эмесмин жана бербейм", - деди Буш 6-сентябрда.

Анткен менен британиялык "Таймс" гезити 7-сентябрда жазып чыкканга караганда, АКШ укук министринин жардамчысы Жей Байби 2002-жылы тергөөчүлөрдүн аракеттерин актап, өлүмгө же майыптуулукка алып келе ала турган гана аракеттерди кыйноо деп эсептеш керек деп билдирген. Андай аракеттерге укук коргоо уюмдары каршы чыгып, АКШ жетекчилигин катуу сынга алып келген жана үстүбүздөгү жылдын июнунда өлкөнүн Жогорку соту Гуантанамо абагындагы шарттарды дагы мыйзамга каршы келет деп тапкан.

Натыйжада АКШ коргоо министрлиги туткундарга каршы көрүлүшү мүмкүн болгон аракеттердин тизмесин жакында бир кыйла кыскартты жана, "Таймстын" жазганына караганда, мындан ары туткундарды чечиндирүү же зордуктоо, ысыкка же өтө муздак температурага дуушар кылуу, уктатпай же тамак бербей коюу, аларга ит агытуу же аларды сууга чөктүрүү сыяктуу аракеттерди көрүүгө тыюу салынат.

"Вашингтон пост" гезити 7-сентябрда жазганга караганда, башка мамлекеттердин аймагында жашыруун абактарды ачып, туткундарды ал жерлерге алып барып, катуу суракка алууну вице-президент Дик Чейни жактырган. Укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, андай абактар Ирак, Йордания, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Польша, Румыния жана Таиланддын аймактарында ачылган. Маселе боюнча азыр тергөө жүргүзүп жаткан Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлү Дик Мартинин маалыматына караганда болсо, бул жашыруун программа боюнча Вашингтон менен 14 европалык мамлекет кызматташкан. Андай абактарда баш-аягы жүздөй адам кармалган, бирок бир мезгилде алардын саны жыйырма бештен ашкан эмес.

Президент Буштун айтымында болсо, эгер мындай шашылыш жана катуу чаралар көрүлбөгөндө, жакында Лондон шаарынын аэропортунда ири террор аракетинин алды алынгандай жетишкендиктер болмок эмес.

XS
SM
MD
LG