Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

2001-ЖЫЛДАГЫ ТЕРРОР АРАКЕТТЕРИНИН МАСКӨӨ САЯСАТЫНА БОЛГОН ТААСИРИ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери ишке ашырылгандан кийин америкалык президент Жорж Бушка телефон чалып көңүл айткан биринчи чет өлкөлүк саясатчы - орус президенти Владимир Путин болгон. Аны менен катар, айрым эксперттердин баамында, Орусия жана анын азыркы жетекчилиги ал террор аракеттеринен пайда тапкан өтө аз мамлекеттердин бири болду.

Мындан беш жыл мурда - ичинде жүргүнчүлөрү бар учактарды террорчулар бомба катары пайдаланып АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында террор аракеттерин уюштурганда орус президенти Владимир Путин дароо АКШ президентине телефон чалган: "Бүгүн болгон окуя - Орусия көптөн бери дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, террорчулукка, бул ХХI-кылымдын тумоосуна каршы аракеттерди бириктирүүнү сунуштаганы канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Террорчулук эмне экенин Орусия жакшы билет, ошондуктан Америка эли азыр эмне сезип жатканын биз абдан жакшы түшүнөбүз", - деген Путин 2001-жылдын 11-сентябрында.

Бирок ал окуяларга чейин эле Орусиянын аймагындагы Чеченстандагы согушту Кремил - террорчуларга каршы күрөш деп түшүндүрүп келген жана экинчи чечен согушу башталаардын алдында 1999-жылы өлкөнүн ар башка шаарларында бир нече үй жарылып, жүздөгөн адам курман болгондо, Маскөөдөгү Глобализация маселелери боюнча институттун деректири Борис Кагарлицкийдин айтымында, аларды Кремил - "ал-Каида" уюму уюштурган деп жарыялаган.

АКШдагы окуялардан кийин Вашингтон жетектеген эл аралык коалиция түзүлүп, террорчулукка каршы дүйнөлүк согуш башталган жана анын чегинде Кыргызстан менен Өзбекстан аймактарында аскерий базалардын ачылышына Маскөө дароо макулдугун берген. Вашингтон болсо Кремилдин Чеченстанда жүргүзүп жаткан согушу боюнча сынды бир кыйла жумшарткан.

Ошондуктан, дейт чечен өкмөтүнүн бир кездеги басма сөз өкүлү Руслан Мартагов, АКШга каршы көрүлгөн террор аракеттери Маскөөгө пайда алып келди: "11-сентябрь Путин үчүн күтүлбөгөн белек болду. Ошондон тартып Путин Түндүк Кавказдагы чечен сеператисттерине каршы согушту эл аралык террорчулук менен күрөш деп атай баштады. Ага чейин Путин Батышта катуу сөздөр менен мүнөздөлүп келсе, 11-сентябрдан кийин ал эл аралык террор менен күрөшкөндөр лигасына кандайдыр бир амал менен мүчө болуп кирүүгө жетишти", - дейт Мартагов.

Кагарлицкийдин айтымында болсо, чечендерге каршы күрөштү күчөтүү менен кошо Путин 11-сентябрдан кийин эркин басма сөзгө карата мамилени да катуулантты: "Террорго каршы согушту кайсы болбосун өкмөткө болгон чоң белек катары бааласа болот, анткени анын шылтоосу менен дайым - жарандык эркиндиктер менен укуктарды ылдам чектеп салуу мүмкүн. Орусиянын жетекчилиги үчүн болсо ал - басма сөздү көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк ачты. Эркин маалымат каражаттарын муунтуу дал ошол 2001-жылдын сентябрында башталганы кокустук эмес", - дейт Кагарлицкий.

Анткен менен акыркы мезгилде террорчулукка каршы согушта Маскөө менен Вашингтон ортосунда пикир келишпестиктер да пайда болууда. Мисал катары - Өзбекстандагы америкалык аскерий базанын жабылышынан кийин Ташкен менен Маскөө ортосундагы мамиле бекемдей баштаганын, же эл аралык террорчуларды колдойт деп АКШ күнөөлөгөн Иран маселеси боюнча Маскөөнүн башкача пикири бар экенин келтирсе болот.

XS
SM
MD
LG