«Ата Мекен» партиясы бүгүн таркаткан билдирүүсүндө Өмүрбек Текебаевди бийлик жасаган кыянатчылыкка кабылды деп билдирген. Анткени, жакында Аксыда элдик курултай өткөрүлүп, анда президент Бакиев аткарган иштери боюнча жооп берүүгө тийиш болчу. Бул иш чараларга Ө. Текебаев түздөн түз жана активдүү түрдө катышмак. Ошон үчүн бийликтин айласы кетип, адамдык ариетке сыйбаган ыплас кадамга барып отурат, деп айтылат билдирүүдө.