Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

КЫТАЙ ТРАКТОРЛОРУ КЫМБАТТАЙБЫ?


Кыргызстанга Кытайдан алынып келинген тракторлордун дыйкан колуна тийиши кыйла машакаттуу болууда. Аңгыча айрым маалымат каражаттары ошол трактор-соко бааларына алардын Лоян шаарынан Бишкек менен Ошко жеткирилиш жолчыгымдарын да кошушу мүмкүн деген пикирлерди жазып чыгышты.

30 миллион юандык 310 трактор-соконун алигиче дыйкан колуна тийбей жатышын Айыл жана суу чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымов да бышыктады:

-Бүгүнкү күндө бир да трактор ээсине жеткени жок. Себеби, тракторлорду облустарга бөлгөндөн кийин облустар бир айлык мөөнөттө тендер жарыя кылышып, анан өтүнүч кагаздарын кабыл алышып, акырында конкурс өткөрүшөт.

Демек, кыргызстандык дыйкандар Кытайдан алынып келинген тракторлордун сапатын да эмгиче текшерип көрүшө элек. Бирок, статс-катчы Камбаралы Касымов Кытайдын Лоян шаарындагы трактор заводуна барып, тракторлордун жасалышын, иштешин көрүп келген өкүл катары алардын жогорку сапатта экендигине бөркүндөй ишенет. Ошол эле кезде Кыргызстанда адис механизаторлордун аздыгынан тракторлордун сапатына акаарат келтирчүлөр да чыгышы мүмкүн деп кооптонот.

Облустардын ичинен тракторлорду бөөлүштүрүү Ысыккөл облусунда талаптагыдай өткөрүлгөн. Андыктан облус губернаторунун орунбасары Кабылбек Жумалиев эми Бишкек ыкчамдаса экен деген оюн билдирип олтурат. Анткени, күрөөгө коюлган трактордун, кошумча күрөөгө койгон мүлктүн документтери, келишимдер, төлөө мөөнөтү жөнүндөгү ырастамалар бүт бойдон Каржы министрлиги менен Айыл жана суу чарба министрлигинде миң электен өткөрүлүп, анан кабыл алынат.

Кытай тракторлорунун дыйкан колуна жетиши кыйла машакат туудуруп жаткан кезде айрым электрондук маалымат каражаттары алардын баасына Кытайдын Лоян шаарынан Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларына чейин жеткирилиш жолчыгымдары кошулушу мүмкүн экендигин кыйыткан маалыматтарды жазып чыгышты. Маселен, “24 Kg” маалымат агенттигинин сайдында чоң тракторлордун жеткирилиш баасы 4,5 миң америка долларына, кичи тракторлордуку 1,5 миң америка долларына барабар экендиги айтылган. Айыл жана суу чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымовдун пикири башкача:

-Кытайдын коммерция министрлигинин бизге жиберген катында жалпы чыгым жазылыптыр. Айрым жүктөрдүн эсебин чыгарганда жогорудагыдай эсеп чыгышы мүмкүн. Бирок, кийинки партияларында бир нечелеген тракторлорду бириктирип бир машинага жүктөшкөндүгү ырас. Ошолордун эсебинен жолчыгашалары кыйла төмөндөйт. Биз эсептеп, орточо бир трактордун жолчыгымын чыгарып көрдүк, ал 1160 америка долларынын тегерегинде гана болот экен. Бирок, бул баанын дыйкандарга тиешеси жок. Биз аларга тракторлорду завод баасында гана бергенбиз. Калган чыгымдардын баарысы Кытай мамлекетинин эсебинде калат.

Кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстанга мындан ары жиберилчү 70 млн. юандык тракторлор боюнча тендер 23-август күнү өтүптүр. Анын эсебинен Кыргызстанга дагы 895 трактор келет жана мурункуларды кошкондо жалпысы 1205 трактор болот.

XS
SM
MD
LG