Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

КИНОИШМЕРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК КУРУЛТАЙЫ АЧЫЛДЫ


Бүгүн Бишкекте ишин баштаган курултайга Россия, Казакстан, Украинадан өкүлдөр келишти. Иш-чара Ала-Арча коругунда салтанаттуу ачылып, анда келген коноктор сөз сүйлөшүп, курултайдын ишине ийгиликтерди каалашты.

Курултайдын алкагында аталган корукка кинорежиссер Сергей Герасимовго арналып эстелик тактасы коюлду. Бул окуяга карата Оруссиянын кинематографистер институтунун жетекчиси Александр Новиков мындай пикирин билдирди.

-Менин оюмча бул уникалдуу окуя болуп олтурат. Чынында эле Сергей Герасимов мыкты кино ишмер, мыкты окутуучу болгон. Ал эми ага арналган эстелик белги, мыкты фильмдери менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошкон мамлекетте коюлуп жатканы биз үчүн кубанычтуу. Мен баардык Москвалык кинематографистердин атынан жакшы каало-тилектеримди билдирип, курултайдын ишине ийгиликтерди каалаймын.

Орусиянын кинематографистер институтунун жетекчиси Александр Новиков ошондой эле өз сөзүндө кыргыз киноишмерлеринин келечекте дагы мыкты тасмаларды жаратышына тилектештигин билдирип, кызматташтык алака улана бере тургандыгын кошумчалады.

Курултай өз ишин эртең Чолпон-Атада улантат. Мына ошол Көл өрөөнүндө кинотармагындагы бир топ маселерди каралат, деди Кыргызкиноконцерндин жетекчиси Замир Эралиев:

-Курултайда биз аябай чоң максаттарды коюп жатабыз. Маселен кантип биргелешип кино тартсак, кайсы режиссерлор тартат, кандай сценарийлерди тартабыз, аны тарткандан кийин кайсы өлкөлөргө көрсөтөбүз деген маселелер.

Курултайга кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов жетекчилик кылууда. Бул иш-чараны уюштуруучулардын келечекте эки жылда бир Евразия кинофестивалын өткөрүп туруу максаттары бар. Ал эми кинематографистердин эл аралык курултайы 10-сентябрда жыйынтыкталат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG