Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

БОРБОР АЗИЯ ЯДРОЛУК КУРАЛСЫЗ АЙМАК ДЕП ЖАРЫЯЛАНДЫ


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ырасмий өкүлдөрү Борбор Азия чөлкөмүн ядролук куралсыз аймак деп жарыялаган келишимге кол коюшту. Улуттар уюмунун демөөрчүлүгү астында даярдалган документ жума күнү Семей шаарында макулдашылды.

Ошентип, Казакстандын Семей шаарында кол коюлган келишимге ылайык, Борбор Азиядагы беш өлкө өз аймактарында ядролук курал, же ага керектүү жабдыктарды өндүрүү, сатуу, же жайгаштырууга жол берилбей турганын ырасташты. Келишим ошондой эле башка бир өлкө мындай куралды, же анын бөлүктөрүн Борбор Азия аркылуу алып өтүшүнө тыюу салат. Документке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, Түркмөнстан менен Тажикстандын министрлеринин орун басарлары Советтер Союзу маалында өзөктүк куралдарды сыноо полигонуна айланган Семейде кол коюшту. Астаналык башкы дипломат Касымжомарт Токаев бул тарыхый документ Борбор Азиядагы өзөктүк куралга каршы аракеттерди күчтөндүрүп, кооптуу куралдын террористтердин колуна тийишине бөгөт коет деп белгиледи.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Кимберли Мартен мусулман калкы үстөмдүк кылган Борбор Азия өкмөттөрү башынан эле радикал кыймылдарды колдобой турганын бышыктап келатат деген пикирде.

- Борбор Азия өлкөлөрү бул кадамы менен: “биздин аймакта өзөктүк курал таба албайсыз, бизге анын кереги жок,”- деген көз карашын билдирүүдө. Бул документ абдан маанилүү, анткени айрым адамдар Борбор Азияны террорго каршы согуштун бир очогу катары караштырып калган учурлар жок эмес. Бул келишим аркылуу чөлкөмдө жашаган эл антитеррордук маанайын көрсөтүп жатат.

Келишимге кол коюу Семейдеги ядролук полигон жабылганына 15 жыл толгон мезгилге туш келди. Рустем Турсунбаев – мурдагы Советтер Союзу кулаарына аз калганда түзүлгөн Невада-Семей кыймылынын вице-президенти. Бул кыймыл АКШ менен Советтер Союзундагы ядролук куралга каршы активисттерди бириктирген.

- Борбор Азияны ядролук куралсыз аймак деп жарыялаган макулдашуунун мааниси зор, бул биздин чөлкөм үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн эстен кеткис учур, - дейт толкундана ал.

Улуттар уюму Борбор Азия өлкөлөрүн мындай документке кол коюуга үндөп келатканына 10 жылдан ашты. Советтер Союзу кулагандан кийин аскердик жана ядролук комплексте пайда болгон башаламандыктын тегерегиндеги чочулоо басылганча ушунча жыл өтүп кетти. Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрү буга чейин деле ядролук курал даярдоо ниетин көрсөтпөгөнүн, бирок документ келечектеги стабилдүүлүктү кепилдей турганын айтышат. Чөлкөмдөгү өлкөлөр ичинен Казакстан менен Өзбекстандын гана атомдук энергетика боюнча улуттук программалары бар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG