БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жакын арада Кыргызстандын Беларустагы элчиси Лидия Иманалиева менен биргеликте Кыргызстанга кайтып келерин депутаттар Мелис Эшимканов, Темир Сариев билдиришти. Маалыматка караганда депутат менен элчи Стамбул шаары аркылуу келиши белгиленүүдө.