Мурдагы өкмөт “Ал-Каиданын” Ирактагы лидери Абу Мусаб ал-Заркавини калкалаганы жана анын ишине көз жумуп караганы да ырасталган жок. Бул тууралуу АКШ сенатынын жума күнү жарыя кылынган докладында айтылат. Документти комментариялап, демократ-сенаторлор Иракта согуш баштаганга президент Буштун жетерлик жүйөөсү болбогонун кайрадан белгилешти.