Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

ЭПИКАЛЫК МУРАСТАРДАН АЗЫРКЫ КИНОНУН ТҮЙШҮКТӨРҮНӨ ЧЕЙИН


(Узап бараткан аптада кандай маданий окуялар болду?) Шейшемби күнү Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк эпос фестивалы башталды. Аталган фестивалга дүйнөнүн жыйырма сегизден ашык мамлекеттерден өкүлдөр келишти. Фестивалдын алкагында “Кыргыз көчү” аттуу этнографиялык шаарча ачылды. Ага карата тарых музейинин алдына отузга жакын боз үй тигилди. Боз-үйлөрдүн кароо-сынагы менен катар өлкөнүн бардык аймактарынан келген чеберлердин эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Бул фестивалдын программасына ылайык “Эпикалык мурастарды сактоонун жолдору менен жаңы формалары” аттуу эл аралык симпозиум өттү. Премьер министр Феликс Кулов баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан бул симпозиумда элдик эпосторду мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору жөнүндө сөз болуп, катышуучулар эпикалык мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилешти.

Симпозиумдун соңунда дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын сактоонун жолдору тууралуу мемарандумга кол коюлду.
Фестивалдын алкагында ошондой эле “Дүйнөлүк эпостордун парады” болуп, ал ар бир өлкөдөн келген өнөрпоздордун театралдаштырылган оюн-зоогу менен коштолду. Фестивалдын программасына ылайык конокторго көркөм тасмалар жана спектаклдер көрсөтүлдү. Иш-чара Улуттук филармонияда катышуучулардын гала-концерти менен жыйынтыкталды.

5-сентябрда кыргыз-жапон маданият жана көркөм өнөр фестивалы жыйынтыкталды. Бул иш-чарага Жапониядан дүйнөгө аты чыккан сүрөтчү Оген Хаманака баштаган он алты адам келишти. Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөрдүн кара, ак боектор менен тартылган сүрөттөрү жана икебана чеберлеринин эмгектери көрсөтүлдү. Ошондой эле устаттык сабактар өткөрүлүп, жапон музыкалары тартууланды. Маданият министрлиги, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи жана Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги биргелешип уюштурган бул иш-чарага Кыргызстанда жашап жатышкан жапон улутунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын улан-кыздары менен бирге мектеп окуучулары күбө болушту. Алардын айрымдарын сөзгө тартканыбызда мындай иш-чаралардын өтүп турушу мектеп окуучулары үчүн кызык дейт Айгерим аттуу кыз:

-Мен оюмча мындай көргөзмөлөр өзгөчө мектеп окуучулары үчүн пайдалуу. Себеби дегенде биздин чет мамлекеттерге чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз жок . Жок дегенде ушундай иш-чаралар аркылуу башка элдердин маданияты менен таанышабыз да. Мисалы, бул көргөзмөдөн жапон элинин улуттук кийимдерин көрдүк, алардын музыкаларын уктук.

Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чара келерки жылы да улантылып, кеңири программада өтмөкчү.

8-сентябрда Бишкекте кинематографистердин эл аралык курултайы башталды. Бул иш чарага Оруссия, Украина жана Казакстандан киноишмерлер келишти. Курултай “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркында салтанаттуу ачылып, анда келген коноктор сөз сүйлөшүп, курултайдын ишине ийгиликтерди каалашты. Курултайдын алкагында аталган улуттук жаратылыш паркында атактуу кинорежиссер Сергей Герасимовго арналып эстелик тактасы коюлду. Бул окуяга карата Оруссиянын кинематографистер институтунун жетекчиси Александр Новиков мындай пикирин билдирди:

-Менин оюмча бул уникалдуу окуя болуп олтурат. Чынында эле Сергей Герасимов мыкты кино ишмер, мыкты окутуучу болгон. Ал эми ага арналган эстелик белги, мыкты фильмдери менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошкон мамлекетте коюлуп жатканы биз үчүн кубанычтуу. Мен баардык москвалык кинематографистердин атынан жакшы каалоо-тилектеримди билдирип, курултайдын ишине ийгиликтерди каалаймын.

Оруссиянын кинематографистер институтунун жетекчиси Александр Новиков өз сөзүндө кыргыз киноишмерлеринин келечекте дагы мыкты тасмаларды жаратышына тилектештигин билдирип, кызматташтык алака улана бере тургандыгын кошумчалады. Казакстандан келген киноишмер Илияс Искаков бул курултай маанилүү иш-чара экендигин белгиледи:

-Бул курултай келечекте кызматашуубузга таасирин тийгизет деп эсептейм. Иш-чара кинематографистердин башын кошуп, жаңы фильмдерди тартууга салымын кошо берсин деген тилегимди билдирип кетким келет.

"Ала-Арча" паркында башталган курултай Чолпон-Атада эл аралык конференция менен улантылды. Анда кинотармагындагы маселелер каралды.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG