Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:14

18. 00. Кино ишкерлеринин биринчи эл аралык курултайы 9-сентябрда Ысык-Көлдө уланды


ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл районунун “Салимар” эс алуу жайына Казакстан, Украина, Түркия, Орусия жана Кыргызстандын кино ишкерлери чогулуп, бул тармакты өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Айрыкча Казакстандын кинопрокатынын учурдагы багыты тажрыйбалык мааниге ээ болду. Украиналык жана Герасимовдун ысымына коюлган "Ала-Арча" тоосунда тартылган эки тасма көрсөтүлдү. Катышуучулар эл аралык Евразия кинофестивалын өткөрүү, кинопрокатчылардын Борбор Азиядагы ассоциациясын түзүү жана Бишкекте тажрыйба алмашуу боюнча маалымат борборун түзүү боюнча кайрылуу чечимин иштеп чыгышты. Эл аралык курултай мыйзам долбоорлору боюнча кошумча сунуштар менен 10-сентябрда атайын кайрылуу кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке, өкмөткө сунуштайт.

Рита Нурмамбет кызы

XS
SM
MD
LG