Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

ДЕПУТАТ ӨМҮРБЕК ТЕКEБАЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШАТ


Депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан кармалышына байланыштуу ар кандай жоромолдор айтылууда. Депутаттын жактоочулары 12-сентябрда Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшөт. Текебаевдин тегерегиндеги окуяга байланыштуу тергөө иштери кандай тартипте жүргүзүлөөрү азырынча белгисиз.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан кармалышы ким тарабынан уюштурулду деген суроолор боюнча бир нече божомолдор айтылууда. Алардын ичинде бул иш Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан жасалды, ага өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузууга жана оппозиция менен бийликтин ортосундагы мамилелерди курчутууга кызыкдар болгон үчүнчү күчтөрдүн тиешеси бар болушу ыктымал деген божомолдор ортого салынды. Ошону менен бирге, Өмүрбек Текебаев өзү баңгизатты алып барышы мүмкүн деген көз караштар да айтылууда.

Бүгүн Бишкекте өткөн “Реформа үчүн” кыймылынын жыйынында депутат Текебаевге байланыштуу жасалган ишке каршылышыгын билдирген атуулдардын нааразылык акциясын өткөрүү жөнүңдөгү чечим кабыл алынды. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

-Бүгүн кыймылдын жыйыны өттү. Анда Өмүрбек Текебаевге байланыштуу акыркы маалыматтарды уктук. Анын өзү менен биздин кыймылдын бир нече мүчөлөрү сүйлөштү. Биз Кыргызстандагы оппозициянын лидерине каршы уюштурулган бул окуя анын саясий көз караштарына байланыштуу болду деп эсептейбиз. Бүгүнкү жыйында келерки шейшембиде нааразылык акция өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ага Текебаевге байланыштуу бул окуяны уюштургандарга, деги эле Улуттук коопсуздук кызматынын тоталитардык системадагыдай аракеттерине нааразылык билдирген атуулдар чыгат.

Юстиция министри Марат Кайыпов “Азаттыкка” билдиргендей, депутат Текебаевге байланыштуу окуя Польшанын аймагында орун алгандыгынан азырынча бул ишти иликтөө, тергөө кайсы жерде жүргүзүлөөрү тууралуу чечим кабыл алына элек:

-Кыргызстан менен Польшанын ортосунда укуктук келишимдер жок. Эгерде андай келишимдер болсо, бул маселе оңой эле чечилип, биз тергөө иштерин өзүбүз жургүзмөкбүз. Ошондуктан, бул маселени чечүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бүгүн Варашавага жол тартышты. Тергөө иштери кайсы жерде жүргүзүлөөрү Варшавада чечилет.

Бул окуяга байланыштуу иликтөө иштерине Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын транспорт прокуратурасы да катышат. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” билдирди.


Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Текебаевге байланыштуу окуя боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзөт. Парламенттин эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков парламенттин өкүлдөрү Варшавага депутат Текебаевге байланыштуу окуяны иликтөөгө барып келиши мүмкүн деп эсептейт. Ал белгилегендей, кыргыз депутаттары Польшанын жана Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Текебаев дуушар болгон окуялар орун алган учурларда көрүлө турган аракеттердин тартиби талкууланышы керек.

Ал эми “Манас” аэропортунун тышкы байланыштар боюнча бөлүм башчысы Айнура Тентиева буларды кошумчалады:

- Бүгүнкү күндө “Манас” аэропортунун расмий делегацияларды тейлөө кызматынын кызматкерлеринин, депутат Текебаевдин жүгүн текшерүүдөн өткөрүүгө катышкан Ильхом Давыдовдун жана Акжол Камиловдун коопсуздугу Ички иштер министрлиги тарабынан камсыздалууда.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана “Атамекен” партиясынын өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, депутат Өмүрбек Текебаевдин эртең же дүйшөмбү күнү Бишкеке келери күтүлүүдө.


Азиза Турдуева

XS
SM
MD
LG