Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

ТАЛАСТЫКТАР ЖЕРҮЙДӨ ЖЕРДИН АКЫСЫН СУРАП ЖАТЫШАТ


Таластагы "Жерүй" алтын кенине кетүүчү жолду Бекмолдо айылынын тургундары 4-сентябрь күнү жаап, “Талас голдмайнинг” деп аталган алтын компаниясына мыйзамсыз иштеткен элдин үлүш жерине келтирилген чыгымдарды төлөп бергиле деп талап коюшкан. Маселенин аткарылышына нааразычылык акциянын өкүлдөрү 24 саат убакыт берген.

Учурда "Талас голдмайнинг" компаниясы нааразычылык акциясынын катышуучулары менен жолукпагандыктан, алар тараптан берилген 24 саат өткөн соң, алтын кенин кайтарып жаткан компаниянын өкүлдөрүнө түшүндүрүп, Бекмолдо айылынын тургундары жана жаңы компаниянын өкүлдөрү тарабынан кароол коюлду. Бекмолдо айылынын башчысы Манас Мамбеталиев мырза, биз басып алган жокпуз, компания биздин жерди басып алды, ошону өзүбүзгө кайтарып алдык деп айтты:

- Кечээ күнкү биз койгон талаптарда саат тогузга чейин компаниянын жетекчилери келсин дедик эле, келген жок. Эми өзүбүз кайтаруучуларды коюп атабыз. Эч кандай талап-тоноо болгон жок. Келтирилген зыяндын баарын төлөп бериш керек эле, 2-3 жыл болуп кетти төлөбөйт. Бул басып алууга жатпайт, биз басып алган жокпуз. Компания басып алды деп ойлойм, анткени эч уруксаты жок, жердин баарын талкалады.

Талас облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Байымбет Мураталиев окуя болгон жерге келип, элдин нааразычылык билдирип жатканы туура деп айтты:

- Булар көп нерсе сураган жок. Өздөрүнүн компенсацияларын гана сурап жатышат. Бул өтө туура. Булар тынчтык менен келди.

Аталган акцияга Бишкек шаарынан элдик кеңештин төрагасы, элдик ырчы Сагынбек Момбеков келип, жасалып жаткан акция туура эмес, бул жугуштуу нерсе, эгер мындай кайталана берсе Кумтөрдү да басып алышы мүмкүн деп билдирди:

- Кийинки жетекчилерди жактырбай, кабыл албай, башка компанияга берип койгону чынында чатак иш болуп атат. Ошондуктан бул уланып баратат, бул жакшылыкка алып барбайт. Эгерде ушундай басып ала берсе, эртең көлдүктөр Кумтөрдү да басып алышы мүмкүн.

Талас аймагына "Жерүй" алтын кенин иштеткенге "Жерүйалтын" деп аталган австриялык компания өкмөттөн лицензиясын алып, жергиликтүү Бекмолдо айылынын мектеп жана айыл өкмөт имараттарын оңдоо иштерин баштады. Жалпысынан эми имаратка бир жарым миллион сомдук каражат жумшалмакчы. Аталган компания иштеп калса облустук социалдык жактан өнүгүүсүнө жыл сайын 3 миллион америкалык доллар бөлүнүп турарын компаниянын жетекчилери билдирди.

Уланбек Эсенгелди уулу, Талас

XS
SM
MD
LG