Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:10

21: 30. Жогорку Кеңеш депутаты Мелис Эшимканов коопсуздук кызматынын кызматкерин кармап алды


Бүгүн кечинде Жогорку кенештин депутаты Мелис Эшимканов артынан андып жүргөн Улуттук коопсуздук кызматынын бир кызматкерин аныктагандыгы тууралуу маалым болду. Депутаттын айтымында, белгисиз бирөөлөр эртең менентен бери эки машина менен анын артынан аңдып жүрүшкөн. Кечке жуук автоунаалардын бири 81 06 BF номерлүү кызыл «Фольсфаген» МАИ тарабынан токтотулган. Учурдан пайдаланып, Эшимкановдун адамдары аларды карматмакчы болгондо, унаанын ичиндеги бир аял менен эки эркек чыгып, аппараттарын алып качып кетип, айдоочу гана жалгыз калган. Айдоочу коопсуздук кызматкери Дмитрий Огородник болуп чыккан.

Улуттук Коопсуздук Кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Нияз Казакбаев бул жерде аңдуу аракети болгон эмес, өз кызматкерлерибиз башка иш менен алек болчу, депутат Эшимканов аны үзгүлтүккө учуратты деп билдирди.

Коопсуздук кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ойталбек Осмонов да депутатты аңдуу болгон эмес деген оюн кошумчалады.

Депутат өзү болсо тиешелүү кызматтарга бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоо арызы менен кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG