Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

АК ТАҢДАЙ АКЫН КАЛЫК АКИЕВ ДАСТАНЧЫ, КОМУЗЧУ ДА БОЛГОН


Өткөндө актаңдай, залкар төкмө акын, Токтогулдун шакирти, көп кырдуу талант, республиканын эл артисти Калык Акыевдин төкмөчүлүк чыгармачылыгы менен тааныштырган элек. Азыр болсо Акыевдин айтуучулук (дастанчылык), комузчулук чыгармачылыгы менен тааныштырабыз.

Залкар шайыр Акыев ыр берметтерин сабалата төгүү менен бирге баатырдык “Курманбек” баштаган “Жаныш-Байыш”, “Карач дөө”, “Акмөөр”, “Карагул ботом” ж.б. элдик дастандарды өз обондору менен комуздун коштоосунда өтө уккулуктуу, өзгөчө кызыктуу айтуучу эле. Тилекке каршы алардын биринен да үзүндү Калыктын өзүнүн айтуусунда тасмага, желим табака (грампластинкага) жазылбай калган. Ошондой болсо да бир жакшы жери Калыктын жазуусунда, айтуусунда дастандардын көпчүлүгү кагаз бетинде жазылып, “Курманбек”, “Жаныш-Байыштай” дастандар китеп болуп басылмалардан чыккан. Ошол себептен Калыктын айтуусундагы дастандардын кооз үлгүлөрү шакирттери, азыркы дастанчылар тарабынан айтылып келет.

Айтылуу Калыктын шакирттеринин бири Сарыкунан Дыйканбай уулу болгон. Ал Калыктан үйрөнгөн “Курманбекти” өз обонунда, маңызын бузбай, көркөмдүүлүгүн өчүрбөй угармандарга жеткендей чеберчиликте айткан.

Кыргыз окурмандарына “Жаныш-Байыш” дастанынын төрт үлгүсү белгилүү. Алардын ичинен Калыктын айткан “Жаныш-Байышы” окуяларынын кызыктуулугу менен өзгөчө айырмаланган. Ошондуктан, Калыктын айтуусундагы варианты кезегинде өзүнчө китеп да болуп басылып, окурмандарга тартууланган. Дастанда Жаныш, Байыштын калмактардан кыргыздардын өткөндөгү өчүн, кеткендеги кегин алуу менен элинин эркиндиги, теңдиги үчүн кашык кандары калганча салгылашат.

Калык “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Карач дөө”, “Акмөөр” ж.б. дастандарды айтуу менен бирге залкар комузчу, кыл кыякчы да болгон. Ал негизинен Токтогулдун, Айдараалынын, Ниязаалынын кол ойнотуп куюлуштура ырдап, таржымалдап черткен айтыш күүлөрүн авторлордон ашыра чертпесе, кем черткен эмес. Тилекке каршы алар тасмага, желим табакка жазылбай калган.

Москвалык музыка изилдөөчү Виктор Сергеевич Виноградов 1939-жылы желим табакчага Калыктын өзүнүн аткаруусунан “Токтогулдун ботою” аттуу күүсүн жазып алган.

Ошентип жетекчилердин өз убагында маани бербегендиктериненин кесепетинен Калыктын аткаруусундагы сандаган комуз, кыл кыяк күүлөрү рухтун көөнөрбөс, бөксөрбөс мурастарына айланган дастандарын тасмаларга, желим табактарга жазылбай калганы бүгүнкү күндө орду толгус чоң жоготууга айланып отурушу кимдин да болбосун жүрөгүн зырп эттирбей койбойт.

Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG