Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

ОРУСИЯ ЭМИ ТҮРКМӨН ГАЗЫН 100 ДОЛЛАРДАН САТЫП АЛАТ


Төрөкул Дооров, Прага Орусия Түркмөнстанга жаратылыш газы үчүн эми көбүрөөк акча төлөшү каралган жаңы келишим Москва үчүн кымбатка деле турбайт. Орусия Европага сатып жаткан газынан эле чоң киреше алып турганы белгилүү. Бирок 5-сентябрда Москва менен Ашгабад ортосунда жетишилген жаңы келишим азыр көгүлтүр отунду сатуучу катары Түркмөнстандын абройу жогорулаганынан кабар берет. Андан сырткары, Орусия деле бул өлкөдөн буга чейин күтүлгөнчө көлөмдө газ алаарына көзү жетпей калганын түшүндүргөндөй. “Азаттыктын” талдоочусу Дэниел Киммэждин ишениминде, бул келишим - түркмөн газына ээ болуш үчүн Орусия менен Кытай ортосунда жаралган атаандаштык мындан ары дагы курчуй турганынын бир мисалы.

Орусия менен Түркмөнстан 2003-жылдын апрелинде газ жаатындагы кызматташтык жөнүндө 25 жылдык мөөнөткө эсептелген келишимге жетишишкен. Ага ылайык, ушул мезгил аралыгында Түркмөнстан Орусияга 2 триллион куб.метр газды 300 млрд.долларга сатышы керек болчу.

Ал келишим Орусиянын өзүндөгү газдын көлөмү азайып баратканын, анан өлкө анын оордун толтуруш үчүн арзан баада Борбор Азиялык газды сатып алууга дилгирлене баштаганын ырастаган. Эгер Москва буга барбаса, анда өзүнүн ички жаратылыш ресурстарын жакшыраак пайдаланыш үчүн көп суммада каражат жумшамак.

Андан бери эки өлкө ортосундагы газ кызматташтыгы бир жаатта өнүккөн жок. Дүйнө боюнча көгүлтүр отундун баасы кымбаттаган сайын расмий Ашгабад орусиялык мамлекеттик “Газпром” компаниясынан көбүрөөк акча алып калууга аракеттене баштады. Анын арасында Түркмөнстан газ жөнөтүүнү токтотуу боюнча коркутууларга да барганы белгилүү.

Эгер 2003-жылы “Газпром” Түркмөнстанга 1 миң куб.метр газ үчүн жарым акчалай, жарым натуралай 44 доллар төлөп келсе, 2006 жылга карата түркмөн газынын басы 65 долларга өстү. Болгондо да азыр Орусия аны жалаң акчалай гана төлөйт.

Быйыл февралда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов газдын баасын дагы жогорулатаарын айтып, эми Орусия 1 миң куб.метр газ үчүн 65 эмес, 100 доллар төлөшү керек деп чыкты. Анан июнда Түркмөнстан “Эгер Орусия бул шартка көнбөсө, газды жөнөтүүнү токтотоорун” билдирип коркутту.

Жыйынтыгында, 5-сентябрь күнү “Газромдун” жетекчиси Алексей Миллер түркмөн тараптын талабын канааттандырган келишимге түркмөн президенти экөө кол коюшту.

Бул жаңы келишимге ылайык, “Газпром” Түркмөнстандан ушул жылдын 4 кварталында 12 млрд.куб.метр, ал эми 2007-жылдан 2009-жылга чейин жылына 50 млрд.куб.метрден газ сатып алып турат.

Орусиялык эксперт Артем Улуняндын оюнда, бул келишим көбүрөөк саясий максатты көздөйт.

- Менимче, түркмөн президенти Ниязов бул тууралуу “Орусияга терс таасирин тийгизбейт” дегени Түркмөнстан өзү бул маселеде оппозицияда турганы менен байланыштуу болду. Анткени Түркмөнстан дайыма КМШда өзүнүн өзгөчө позициясы бар экенин белгилеп, керек болсо бул уюмдан чыгуу максатын да жашырбай келген. Азыр Москва айтылуу “ассоциациялык мүчөлөр” менен мамиле кылуунун жаңы жол-жоболорун издеп жатат. Бул тууралуу Ниязов деле жакшы билет. Андыктан, келишим саясий максаттагы мунаса табуунун жолу болду го деп ойлойм, - дейт орусиялык эксперт Артем Улунян.

Түркмөн газын эми Орусия кымбат ала баштай тургандыгын комментарийлеп, “Уолл Стрит Жорнал” эки ойду ортого салат. Биринчиден, орусиялык компания энергия булактарына көзөмөлүн күчөтсө, экинчиден, быйыл эми былтыркыдай Европага газ жөнөтүүдөгү мүчүлүштүктөр кайталанбайт ко деген ишеним жарата баштады окшойт.

XS
SM
MD
LG