Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбай Султановдун билдирүүсүнө караганда, Өмүрбек Текебаевге байланыштуу ишти иликтөө үчүн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров башында турган мамлекеттик комиссия түзүлдү. Анын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Болот Шерниязов, Каныбек Иманалиев жана өкмөт мүчөлөрү, жалпысынан тогуз киши бар. Бирок депутаттар Шерниязов жана Иманалиев комиссияны сынга алып, анын ишине катышпай тургандыктарын билдиришти.