Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

АКЫЙКАТЧЫ КЫЗМАТТАН КЕТЕМ ДЕЙТ


Азыркы бийликтин Акыйкатчы институтуна бюджеттен бөлүнчү каражаттарды дагы кыскартылып, ишине бут тосуулар улана берсе Турсунбай Бакир уулу кызматын таштап кете тургандыгын билдирди.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу президент К.Бакиев менен парламент төрагасы М.Султановго атайын кат менен кайрылып, төрт жылдан бери иштеп жаткан укук коргоо институтуна бөлүнчү каражат жылдан-жылга кыскартылып жатканын билдирген. 2005-жылы Акыйкатчы институтуна бөлүнчү акчанын 6 миллион сому кыскартылса, быйыл дагы 5 миллион сомго азайып, иштеп аткан кызматкерлердин санын кыскартуу талабы коюлууда.

Бул аз келгенсип, кийинки кездери күч кызматынын жооптуу адамдары, укук коргоо уюмдары Турсунбай Бакир уулунун дарегине орунсуз сын айтууга өтүштү.

- Булардын айтуусу боюнча мен кыргыз ислам кыймылынын жетекчиси экенмин. Мен экстремисттерге жардам берип жатыпмын. Андай болсо далилдешсин. Мен кызматтан кетейин. Биздин атайын кызматтар, ички иштер министрлиги, президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссия, Башкы прокуратура, Өзбекстандагы биздин элчилик жана башка биртоп уюмдар мага каршы ушундай провокацияны уюштуруп жатат. Ошондуктан президентке да ачык кат менен кайрылдым.

Кыргызстан Акыйкатчысынын алдагыдай билдирүүсүнө жооп кылып ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграция жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Осмоналы Гуронов Турсунбай Бакир уулунун атына шек келе турган эч кандай сөз айткан эмесмин дейт.

- Менин сөзүмдө Турсунбай Бакир уулу деп айтылган эмес. Анын үстүнө мен ал кишини билбейм. Ал киши биздин Омбудсмен. Биз ал кишини сыйлайбыз. Мен ал кишинин каяктан угуп алганын билбейм. Менин сөзүмдү жакшылап укпайбы.

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда адам укугу көп бузулат деп билдирди. Анын жаңы мисалы катары депутат Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган чагымчылыкты келтирди.

- Ө.Текебаевдин үстүнөн болгон мынабул чагымчылык иштер да ошондон чыгып жатат. Мен ойлойм ал атайын кызмат эч кимге баш ийбегендиктен, башаламандыктан ушундай болуп жатат.

Акыйкатчынын ырасташынча, Кыргызстандын диний экстремизмге каршы күрөшкөн күч кызматтары Өзбекстандын коопсуздук кызматынын ыкмаларын колдонууда.

- Ислам өзбек аракети менен, «Хизбут-Тахрир» менен жөнөкөй намаз окуган мусулмандын айырмасы бар. Ушуну атайын кызматтар, биздин ички иштер органдары билиш керек. Эгер ушундай жол менен Өзбекстандын эң жаман ыкмаларын Кыргызстанда колдоно берсе анда Кыргызстандын ислам кыймылы пайда болушу мүмкүн деп айткам.

Осмоналы Гуронов Кыргызстандын күч кызматтары мыйзам негизинде иштей тургандыктарын, аларга Өзбекстан тараптан кысым, көрсөтмө болушу мүмкүн эмес деп билдирди.

- Мен өзүм иштеген кызматым боюнча Өзбекстан менен мына мындай келтирип, мындай кылгыла, тигиндей кылгыла деп айткан учур болгон эмес, болбойт дагы. Биз өз өлкөбүзгө өзүбүз ээбиз. Биз мыйзамдын негизинде иш жасап, ошого ылайык Кыргызстандын ичинде жооп беребиз.

Турсунбай Бакир уулу эгер ага каршы азыркы бийликтин чагымчылыгы токтолбосо кызматын таштап кете тургандыгын ырастады.

- Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болгон үчүн жакпаса, анда президент айтсын мен мөөнөтүнөн мурда кызматыман кетейин деп айттым.

XS
SM
MD
LG