Аталган программаны артистер алгач Караколдун элине тартуулашкан. Андан соң июнь айында Бишкектин тургундарына үч күн көрсөтүшкөн. Концерт мына ошол кечеге келе албай калган, көрө албай калган күйөрмандардын суранычы менен кайрадан тартууланат, деди Болот Тентимишов.
-Бишкектеги үч күнгө созулган концерттен кийин эмнеге аз эле күн коюп койдуңар, кайталабайсыңарбы деген суроолор түшө баштады. Мына ошого байланыштуу, бир жагынан программаны тасмага түшүрүп калуу максатында Сайрагүл экөөбүз кеңешип туруп кайра тартуулайлы деп чечтик. Бул концертти “Дем” театр студиясы, “Тунгуч” тамаша театры жана “Рахат” бийчилер тобу коштойт. Концертте жаңы ырлар, тамашалар менен катар бизди ийгиликтерге жеткирген акжолтой номерлерибизди да аткарабыз.
Ал эми кечени уюштуруудагы негизги максат чыгармачылыкка аралашкандан берки топтогон тажрыйбабыз менен бөлүшүп, көрөрмандарга жагымдуу кеч тартуулоо.
-Болот экөөбүздүн “Тунгуч” театрына келгенибизге он жылга жакын убакыт болуп калды. Мына ошондон тартып жыйналган нерсебизди элге көрсөтөлү деп жатабыз. Бекеринен “Тамаша сандыгы” деп атаган жокбуз. Ушуну менен бул сандыгыбыз толду деп жабабыз дагы башка сандык ачабыз. Ал эми мындан кийинки концерттерибиз дайыма “Тамаша сандыгы” деген аталышта өтөт. Ал эми ал кечелер бири-бирине окшобогон концерттер болот,-деди Сайра.
Чыгармачылыкты аркалаган жубайлар соңку убакта тасмаларга да тартылышууда. Маселен белгилүү кинорежиссер Эрнист Абдыжапаровдун “Боз салкын” аттуу көркөм тасмасында жубайлар жаңы образ жаратышты. Ошондой эле алдыда дуеттерди жазууну көздөшүүдө.
Айжан Шаботоева, Бишкек