Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

«МАТРЕШКА» ОЮНУ КЫЗЫГЫНА КИРДИ


«Матрешка» чатагы кош бийликтин ортосундагы чоң тирешке айланууда. АКШ аскер базасынын кызматкери жоголуп кайра табылды. Анын чоо-жайы белгисиз бойдон калды. Эмне үчүн экс-президентти айыптаган макалалар бир жылдан кийин деле арбын жарыяланууда?

Шаршембидеги «Слово Кыргызстана» гезити Польша сотунун чечимин жарыялады. Кол жүгүн аэропорттон тапшырган Ө.Текебаев Варшавага чейин аны кармаган эмес. «Эгер Өмүрбек Текебаев чын эле героинди аткезчилик жол менен ташып кетүү ниетинде болсо баңгизат анын кол жүгүндө Бишкекте эле болмок, себеп дегенде Варшавага чейин ал өзүнүн кол жүгүнө жолой алган эмес, көрө да албаган. Таңкалыштуу жагдай чек ара кызматы ичинде баңгизаты бар кол жүктү эч тоскоолдуксуз жөнөтүп ийишине байланыштуу. Бажы текшерүүсү болбосо Астанадагы Интерполдун ыктымал аткезчиликти билип алышы түшүнүксүз», деп бүтүм чыгарган Варшава-Охота райондук соту.

Польшанын соту Өмүрбек Текебаевге ишенди, деп белгилейт бүгүнкү «МК Кыргызстан» гезити. «Слово Кыргызстана» гезити кечээ «матрешка» чатагын териштирген парламент мүчөлөрү бир чечимге келе алышпаганын жазды. Депутаттар президент менен премьер-министрдин кызматтан кетишин, убактылуу өкмөт түзүү, 1-ноябрга чейин конституциялык реформаны аягына чыгарып, башкаруунун парламенттик формасына өтүүнү, Жогорку Кеңештин тарап кетишин талап кылган токтом долбоорун талкууга коюшкан. Өкмөт башчы Ф.Кулов кызматтан кетүүгө ашыкпай, мамлекеттик комиссия чечими чыккандан кийин өлкө алдында уят болбогудай кылып талаш маселени чечүү сунушун билдирди, деп маалымдайт Кифаят Аскерова.

Кыргызстандын белек-бечкек саткан дүкөндөрүндө ушу тапта «матрешкалар» өтүмдүү товарга айланып баратканын 13-сентябрдагы «Белый пароход» гезити жазды. Басылманын ырасташынча, Кыргызстанда жаңы мода – героин ташуунун ыкмасына айланган оюнчукка кызыккандар көп болууда.

«Мен кадырлаган бир адам, оюн-тамашасы аралаш керкакшык менен момундай сөз ыргытып отурбайбы: «Жалаң тактекелерден турган куурчак өлкөсүңөр» деп. Айтарга сөз таппадым», дейт гезит кабарчысы Елена Авдеева. Автордун пикири боюнча, оппозиция өкүлүнө кайдагы бир жыгач куурчакты таштап, өлкө өтөле майдалыгын көрсөттү. Мына, Грузия, оппозицияны ашык-кеми жок Мекен чыккынчылары деп камакка ала баштады. Биздин генералдар болсо куурчак ойноп отурушат. Гезитте чатак иштин кантип башталып, кандай жыйынтыкка келгени кенен-кесир баяндалган.

Эмнеликтен депутат Ө.Текебаевдин көңүлү куунак? Себеп дегенде, аны жаманатты кылмакчы болгон атайын операциянын ойрону чыгып, баркы көтөрүлгөнүн «Дело №» гезити да белгиледи. А бирок колжүктүн арасындагы матрешка аз жерден депутаттын саясий жүзүнө көлөкө түшүрүп кое жаздады, деп белгилейт «Дело №» гезити.

Анткен менен Варшава чатагы Өмүрбек Текебаевге чоң саясий реклама болуп берди. Эми оппозиция күрүлдөтүп жыйындарды өткөрүүгө, бийликти аянбай сындоого мүмкүндүк алды, деп белгилейт «АиФ Кыргызстан» апталыгында Дмитрий Орлов.

«Ө.Текебаев үчүн баңгизат чоочун эмес. Бир тууган иниси Асылбек Текебаевдин буга чейин баңгизат менен кармалганын эске алсак эле калганы түшүнүктүү болор», деп жазат «Энесай» гезитинде Бекболот Жамантаев деген автор.

АКШнын «Манас» абамайданындагы аскер базасынын кызматкери Жил Мецгердин жоголуп кайра табылышы тууралуу «Дело №» Вадим Ночевкиндин макаласын жарыялады. Капыс жоголуп, ошондой эле жол менен табылган АКШ майорун апыл-тапыл башка авиабазага которушуп, маалымдоо каражаттарына ал тууралуу эч кандай кабар беришпеди, деп белгилейт макала автору.

Кыргыз басылмаларында мурдагы президент Аскар Акаевди кинелеген материалдар дагыле арбын жарыяланып жатканына «АиФ Кыргызстан» апталыгында Рустембек Мусурманкулов токтолду. Ушу тапта 24-марттагы окуяларды ашкере көкөлөтүү, ага чейин жасалган иштерди кыйгас тануу күч алууда. Баарынан таңкалыштуусу, А.Акаев тушунда сый-урматка бөлөнгөндөр өздөрү суу ичкен кудугуна түкүрүп жатышкандыгы, дейт макала автору.
XS
SM
MD
LG