Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

КЫРГЫЗСТАН АДАМ УКУКТАРЫН КОРГОО ЖААТЫНДА АРТКА ЧЕГИНИП ЖАТАБЫ?


Адам укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияларга кол койгон бардык мамлекеттер келишимдердин аткарылышы тууралуу мезгили менен БУУга отчет берип турууга милдеттүү. Кыргыз бийлиги мурда айрым бир конвенциялар боюнча отчет берүүнү кечиктирип келген болсо, 2006-жылдан тарта Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча кабыл алган бардык конвенциялар тууралуу маалымат берген эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште атайын чакырылган парламенттик угууда маалымдалды. Айрым укук коргоочулар бул көрүнүштү өлкөнүн адам укугун коргоо жаатында артка чегинип жатканы катары сыпатташууда.

Укук коргоочулардын адам укугун коргоо жаатында абал дагы деле көңүл жубатарлык эмес деп тынчсыздануусуна акыркы жылда Чүй облусундагы Искра айлында болгон улут аралык араздашуулар, жаза өтөөчү жайлардагы кыйноолордун күч алышы, айрым бир укук коргоочуларды куугунтуктоо жана Өзбекстандык төрт качкындын бийлик тарабынан кайра өз өлкөсүнө кайтарылышы себеп болууда.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча кол койгон келишимдерин толук аткарбай жатат деп айыптап кетти:

-Кыйноо боюнча конвенцияда жазылып турат: эгерде бир мамлекет кылмышкерди өз өлкөсүнө кайтарып берүүнү чечип, бирок ал өз мамлекетинде кыйноого дуушар боло турган болсо, анда ал атуулду кайтарып бербөөгө тийиш. Бизде болсо ага карабай эле өткөрүп берип атышат. Өзбекстанга, Кытайга жана башка мамлекеттерге бир нече киши кайтарылды.

Айрым укук коргоочулар Өзбекстандык төрт атуулдун качкын макамына ээ болуусуна Кыргызстандын сот органдары да кайдыгерлик менен карап койгонун айтып чыгышты.

Бирок, парламенттик угуу учурунда чыгып сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов Өзбекстандык качкындарды кайра өлкөсүнө кайтарууда сот органдарынын тиешеси жок деп билдирди:

-Аларга миграция кызматы качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бул чечим көп убакытка чейин соттук териштирүүлөрдө каралды. Бирок соттор да карап, бул адамдар өз өлкөсүндө өзгөчө оор кылмыш иштерин жасаганы үчүн айыпталып жаткандыктан, миграция кызматынын чечимин четке кагууга негиз таба алышкан жок. Жогорку сот бул жарандарды Өзбекстанга өткөрүп берген жок жана алардын кийинки тагдырына кийилигише албайт,-деди Курманбек Осмонов.

Эки күндүк парламенттик угуу чакырууга Кыргызстандын адам укуктарын коргоо боюнча отчетту кечиктирүүсү себеп болгон. Бирок президенттин алдындагы Аялдар, балдар укугу жана гендерлик саясат боюнча секретариаттын статс-катчысы Токтокан Боромбаева отчет кечиктирилген жок, бирок алардын аткарылышы боюнча маселелер бар деп эсептейт:

-Бул конвенция боюнча отчет берүүдө бизде баары жакшы. Мүчүлүштүктөр жок. Ал эми алардын кандай аткарылышында албетте, маселе бар. Биз комитетке отчет берип барганда парламентте аялдардын жоктугу, аткаруу бийлигинде бир гана аялдын бардыгы, мына ушул суроолордун айланасында биз уят болушубуз мүмкүн,-дейт Токтокан Боромбаева.

Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча БУУнун негизги жети конвенциясын эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары кабыл алган. Ар бир келишимдин шарты боюнча мамлекет өз аймагындагы бардык инсандын укугун коргоого милдеттүү. Бирок 1997-98-жылдардан тарта Кыргызстан адам укугу бузулуп жаткан өлкө катары БУУнун атайын тизмесине кирген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG