Президент Курманбек Бакиев бүгүн депутаттардын чакырыгы боюнча парламентке барып, Текебаевге каршы жасалган провокациядан чыккан суроолорго жооп берди. Мамлекет башчы депутат Текебаевдин айланасында болгон инцидентти мамлекеттик комиссия териштирип, тергөө өткөрүлмөйүнчө ызы-чуу көтөрүшкө каршы экенин билдирди. «Парламент тергеп жазалоочу орган эмес»,- деп баса белгиледи Курманбек Бакиев. Президент депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, анын отставкасы жөнүндө азыркы учурда сөз да болушу мүмкүн эместигин айтты. «Президент отставкага кеткенге шарт да, себеп да жок»,- деп баса белгиледи.