Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

ТЕКЕБАЕВГЕ ПОЛЬШАДА ЖАРДАМ БЕРГЕН КАЗАК КЫЗЫ БАЛЖАН, ОППОЗИЦИЯНЫН ООМАТЫ


14-сентябрда жарык көргөн маалымат каражаттары Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен Польшадан кармалышына байланыштуу парламенттеги талкууну башкы жаңылык катары маалымдашты.

“Алас”

“Баш иштебесе, бут иштейт ” деген фотоколлаж менен чыкты. Ушул гезиттин маалыматына караганда, “Өмүрбек мырза менен болгон окуя кокустук эмес. Оппозицияга каршы провокация ар дайым жасалып келген. Бул жолку окуя жөн эле эпизоду, бизде бүтүндөй система. Бул окуяга катышы барлардын баары кызматтан алынып, кылмыш жообуна тартылууга тийиш” деп айтуу менен парламент депутаты Кубатбек Байболов, мындан аркы иш адилет чечилбей, бийлик бейкүнөө адамдарга баардыгын арта салып баса беришээин айткан.

Президенттин жети бир тууганынын бири Акмат Бакиев Жалалабад облусунда өз бийлигин түзүп, жакпай калган саясий ишмерлерди куугунтуктап, өз бизнесин өркүндөтүп, басып-тартып алмайды адат кылганын “Алас” гезити маалымдайт.

Жалалабатта айрым саясый партиялар жыйын өткөрүп, Курманбек Бакиевди элдик ыңкылаптын атасы катары колдоп, эч нерсе бүтүрбөгөн Өмүрбек Текебаевди Акман шайлоо окургуна келип, шайлоочуларына отчет берсин! Ал түгүл парламентти таратабыз!” деп талап коюп жаткандар бардыгын да баяндаган.
Бийлик кимде болсо, кыргыз чындыгы ошондо болоорун, мындай кырдаалдан деле кургак чыгып кетишээрин, башка бирөөлөрдү күйгүзүп четке чыга беришээрин” Алым Токтомушев талдоого алган.
Журналист Капар Токтошевдин макаласы “Куурчактар аралы жана Бакиевдин куурчак театры” деп аталат.

“Жаңырык апта”

Жогорку кеңештин депутаты, экc-спикер Өмүрбек Текебаев тууралуу окуяны сенсация катары берип, провокация тууралуу түрдүү ой- пикирлерди жарыялады.

Депутаттын жүгүнө баңгизатты президенттин иниси Жаныш Бакиев буйрук берип салдырганы менен анын күнөөсү аныкталбайт. Парламенттеги талкууда депутат Темир Сариев бул провокация экенин билдирип, бийликтин отставкага кетүүсүн талап кылган. Ошондой эле башка батыш өлкөлөрү сыяктуу Улуттук кызматын жоюп салуу пайдалуу болоорун жеке ишкер Өмүрбек Абдрахманов билдирген.

“Лица”

Өлкөдө өткөн жумадан бери бүйүр кызыткан Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы окуя боюнча түрдүү маанайдагы макалаларга орун берди. Жаныш Бакиев менен Надыр Мамыровдун актанганын, Варшава райондук сотунун Текебаев тууралуу чечимин, Интерполдун кыргыз кызматынын жетекчиси Мавлянов Жаныш Бакиевдин көздөй кыйышпас досу экенин маалымдаган макалалар чыкты.

Польшанын түрмөсүнөн чыгууга Текебаевге жардам берген варшавалык казак кызы Балжан Мажец менен журналист Бермет Букашева телефон аркылуу маек курган.

Ушул гезит Бишкекте антитеррордук коалициянын “Ганси” авиабазасынын өкүлү, американын жараны, майор Жил Недгер айымдын Кант шаары тараптан табылганын маалымдайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG