Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

ОШ: АВТОБЕКЕТТИН ЭМГЕК ЖАМААТЫ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош автобекетинин эмгек жамааты акционердик коомдун мүлкүн бөлүштүрүү боюнча соттун чечимине нааразы болуп, иш таштоого чыгышты. Шаар аралык каттамдагы автоунаалар автобекетке киргизилбей, натыйжада шаардын борбордук көчөсү үч саатка жакын бөгөлүп турду. Шаар бийлигинин жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин гана нааразылык акциясынын катышуучулары тосулган жолду бошотушту.

Автобекеттин кызматкерлери шаардын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Навай көчөсүн бөгөп алышып, автоунаалардын кирип-чыгуусуна тыюу салышты. Натыйжада бөгөлүп калган автоунаалардын катары көбөйүп транспорт кыймылына тоскоолдук пайда болду. Нааразылык акциясын уюштурган автобекеттин жетекчиси Манасбек Ыдырысов акционерлердин бири Токтосун Абдыкадыров соттун адилетсиз чечими менен мүлктү басып алууга аракет жасагандан улам ушундай кадамдарга барууга аргасыз болгондуктарын билдирди:

- Акыры айласыздан ушуга барышка туура келди. Сотко барсак алар каалагандай чечим чыгара берет экен. Абдыкадыров Токтосун президенттин тууганы болот, аялдардан үчөө-төртөнү коюп коюп, ошолор менен мушташтырып койгон. Автовокзалдын эки камера хранениясын, бир жертөлөсүн кафе кылып иштетет, бир тыйын да төлөбөйт.

Бир канча убакыттан соң шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мэриядан өкүлдөр келишип жолду ачууну талап кылышты. Анда автобекет кызматкерлеринин айрымдары мүлктү бөлүштүрүү боюнча соттун чечимин кайрадан бузуп берүүнү талап кылыша тургандыктарын билдиришти:

- Жамааттын талабы, автобекет болуш керек, бардыгыбыз бирбей камыр-жумур иштешибиз керек. Бул жерден акционерлердин бардыгын алдап иштен кетирип жатат. Тууганчылык, уруучулдук кылып, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп атат, - дейт автобекеттин кызматкерлеринин бири Бурма Сейдалиева.

Автоунаалардын көбөйүшүнө улам транспорт кыймылы кыйындап, айдоочулар арасында да нааразычылык пайда боло баштады. Андан соң шаар бийлигинин өкүлдөрү ишти иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунушташып, ага чейин нааразылык акциясынын катышуучулары жолду бөгөөнү токтотушун суранышты.

Соттун чечими менен автобекеттин жарымын бөлүп алууга кызыкдар болуп жаткан акционер Токтосун Абдыкадыровдун ишенимдүү өкүлү Токтомурат Зайыров болсо алардын кызыкчылыгынын мыйзамдуулугу боюнча мындай оюн билдирди:

- Соттун чечими чыккан. Өткөндө келсек эшикти бекитип алып качып кетишти. Кайра телевидениеден, соттон, архитектурадан, гос.регистрден кишилерди чакырып 29-июлда саат тогузда келсек, буларга касациялык арыз жаздырып ушуну караганча туруп турсун дешти, ошондон бери турат.

Бир канча убакыттан соң нааразылык акциясынын катышуучулары жолду бөгөөнү токтотушуп, иш жагдайын кайрадан улантышты. Бирок алардын сот чечиминин бузулушун аягына чейин талап кыла тургандыктарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG