Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:46

КЫРГЫЗСТАНДЫК МҮНҮШКӨРЛӨР ДУБАЙДАГЫ МЕЛДЕШТЕ


Учурда Бириккен Араб эмираттары өлкөсүндө куш агытып, ителги салуу боюнча эл аралык мелдеш, көргөзмө өтүүдө. Мындай эл аралык деңгээлдеги мүнүшкөрлөр мелдешине кыргызстандык мүнүшкөр Сыргак Алымбеков алгач ирет катышууда.

Бириккен Араб эмираттары өлкөсүнүн биринчи вице- премьер-министри, тышкы иштер министри Хамда Минзайдын атайын чакыруусу менен кыргызстандык мүнүшкөр Сыргак Алымбеков ителги салуу боюнча Абу-Дабиде өтүп жаткан эл аралык көргөзмө- мелдешке катышууда.

Мөөрөй талашуунун максаты ителги кушунун ыкчамдыгын, алгырлыгын аныктап, мүнүшкөрлүк өнөрдү кеңири жайылтуу. Мындай эл аралык деңгээлдеги мелдешке кыргызстандын 15 алгыр кушу алгачкы ирет өнөрүн көрсөтүүдө.
Баш байгеге Араб өлкөсүнүн канзаадасы “Жип” үлгүсүндөгү үч автоунааны утушка койгон.

Эл аралык “Манас” аэропортунун бажы кызматынын өкүлү Айбек Алымкуловдун айтымында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү мындай ителги, алгыр куштар мурда өлкөдөн чыгарылбай, эл аралык көргөзмө, мелдештерге мурда катышчу эмес.

-Негизинен сейрек кездешүүчү мындай куштарды чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салынган. Бирок Сыргак Алымбеков таптаган куштар өлкөнү таанытуучу эл аралык мелдешке баратканын эске алып, өлкөнүн мүнүшкөрлөр федерациясынын өтүнүчү боюнча жаратылышты коргоо агенттиги менен макулдашып уруксат бердик.

Өлкөнүн мүнүшкөрлөр федерациясынын мүчөсү Сыргак Алымбековдун айтымында Бириккен Араб эмираттарындагы ителги салуу мелдешине катышуу менен кыргыз мүнүшкөрлөрүнүн өнөрүн таанытуу, достук байланыштарды чыңдоо максатын аркалап барды.

Жергиликтүү мүнүшкөр Ислам Исраиловдун пикири боюнча мурда ителги куштары контрабандалык жол менен уурдалып чет өлкөлөргө кетип турса, эми эл аралык мелдештерге ачык катышууга шылтоосу менен алгыр куштар араб мамлекеттеринде калып калбайт деп ким кепил болот, деп тынсызданат.

Кыргыз эли илгертен алгыр кушту, дулдул күлүктү баалаган калк. Ошондой жоокерчилик замандагы кыргыз элинин көчмөндүү турмушунда алгыр куш өтө көрүнүктүү орунду ээлеп келген. Байыркы кыргыздар аңчылык, мергенчилик менен бир уруу журтту баккан. Алгыр куштардын ичинен да кыргыздар айрыкча бүркүт, шумкар жана ителгини жогору баалашат. Чынынында мүнүшкөрлүк өнөрдүн учугун улап, бабалар мурасын кастарлаган жаштар сейрек.

Учурда мүнүшкөрлүк өнөрдү калыбына келтирүү аракети көрүлүп, алгыр куш багуу салты уланып, эми гана колго алынып баратат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG