«Кыргыз туусу» президент Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында сүйлөгөн сөзүн: «Эч качан өзүмдүн же үй-бүлөмдүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон эмесмин жана койбоймун» деген теманын алдында жарыялады. Ошондой эле Кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комитетинин айрым мүчөлөрүнүн Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун гезиттин мурдагы бир санына жарык көргөн сын-пикирине каяшасы басылды.
«Агым» гезити негизги материалдарын Ө.Текебаевдин тегерегиндеги окуяларга арнады. Гезит Кыргызстандын белгилүү инсандары - Ысык Көл фондунун жетекчиси Т.Чыңгышев, «Жаңы багыт» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев, «Кут» партиясынын лидери Б.Жанузаковдун пикирлерин сураган, Турсунбек Чыңгышев ушу тапта өз кичи мекени болгон Барскоонго баргандан уялып жүргөнүн, анткени президенттик шайлоодо элди К.Бакиевдин пайдасына үндөгөнүн, эми ошол эл: «ой, кана сен мактаган президент?» деп үмүттөрү үзүлүп жатканын айтса, Муратбек Иманалиев, бул чыр дагы жарым жылга созуларын, компраматтардын согушу эми башталганын, президент менен анын айланасындагылар эстерин жыйып алган соң оппозицияны көздөй компроматтарды издей баштарын, мунун арты өтө жаман нерсе менен аяктарын, эгер бул чатак далилденип калса, анын эң башкы күнөөкөрү президент өзү болорун айткан. Ал эми мурдагы президент А.Акаевдин эң эле ишенимдүү деген адамдарынын ичиндеги сатпаган кишиси Болот Жанузаков, мындай жаман иштин арты сөзсүз жамандык менен бүтөрүн, депутаттар келтирген далилдер өтө аргументүү экенин, бул окуя өлкөдө Конституциялык реформаны токтоосуз түрдө ишке ашыруу керек экенин көргөзүп койду деген.
Гезит дагы бир кабарында бүрсүгүнү Боспиекте өтө турган элдик Курултай бийликтин түн уйкусун бузуп, эмитен эле бузук телефондор шакылдап, Аксыга бараткан жолдордо оппозиция лидерлерине провокациялар даярдалып жатат деп жазды. Ал эми «Асаба» партиясынын тең төрагаларынын бири, белгилүү мамлекеттик ишмер Роза Отунбаева «Агымдын» бүгүнкү санында жарык көргөн «Неужели народ восстанет вновь?» деген макаласында жакында Жалал Абад аймагында болуп кайтканын, облусту чындап келгенде президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиев башкарарын, облустун атайын кызматтары президенттин Бишкектеги дагы бир бир тууганы Жаныш Бакиевдин көрсөтмөсү менен иштерин, облус борборундагы башкы эки көчө, мектеп- Бакиевдердин аты менен аталып калганын, так ушул көчөдө мындан бир жыл мурда каарданган калк Акаевдин портретин кантип жулуп ыргытканын эске салып, тилекке каршы тарых кайрадан кайталана баштаганын сөз кылат.
«Бишкек таймс» гезити кыргыздарга кылычын сүйрөп кыш келатканын эскертип, «Электр станциялар» акционердик ачык коомунун баш деректири С.Балкыбековдун маегин баскан.
«Кыргыз руху» бир макаласында «Березовский кимге, эмне үчүн келип кетти?» деген суроо коюп, буга дейре КМШ өлкөлөрүнүн далай президенттеринин баштарына жаңгак чагып келаткан айтылуу капчыкбайдын мындан үч жыл мурда Грузияга, бир жыл мурда Латвияга кантип келип кеткенин сөз кылып, жакында «Российская газетага» жарыяланган «Кыргызстандын баалуу металлы эмне иш бүтүрүүдө? деген макаланы эске салып, макалада Жерүй влтын кени туурасында кеңири сөз болгонун, ошондо ага ээлик кылгандардын бири таластын эли эмес, Борис Березовский экендигин жазган.
«Эркин тоо» гезити Тогуз Торо району тоюна камданып атканын, Жалал Абадда өнөржайы өнүгүп баратканын, 17-сентябрда Аксыда боло турган Курултайга президент К.Бакиев барбай турганын, гезит депутат А.Бекназаровду түз байланышка чакырса: «Мен эч качан «Эркин тоого» маек курбаймын" деп ачуулуу кагып салганын кабарлаган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ