Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:02

КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВ : ОППОЗИЦИЯНЫН ДООМАТЫ ОРУНСУЗ


Маектешкен Улан Эшматов, Прага «Матрешка» жаңжалын талкуулап аткан парламентте айрым депутатттар калыс көрсөтпөй баягы эле бийликтин «ырын ырдап» жатат деген негизде мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчиси Кыяс Молдокасымовдун отставкасын талап кылып жиберишти. Кыяс Молдокасымов өз кезегинде депутаттардын сын-дооматы суу кечпейт, мамлекеттик телеканал Акаев доорундагыдай бийликтеги үй-бүлөнүн кол баласы болбой, элге кызмат кылып жатат дейт.

- Парламент жыйындарынын трибунасынан КТРдин ишин сындап, жетекчисин кызматтан кетирүү талабы айтылган учурлар Акаев доорунда бир нече ирет болгон, муну кыргызстандыктар жакшы билет. Анда деле ушундай нерсени оппозиция айтчу. Азыр да мына ушундай көрүнүш кайталанууда. Бул саясий мүнөзү бар окуяларды чагылдырууда, силердин өзгөчө маалымат берүүлөрүңөрдү азыр да бир тараптуулук, бир жактын позициясын коргоо өкүм сүрүп жаткандан кабар бербейби? Эгер жок десеңиз кандай аргументтерди келтиресиз?

- Албетте, бул жерде Өмүрбек Текебаев Варшавада камалары менен алгач АКИ-пресске таянуу менен гана биз маалымат бергенбиз. Эч кандай мурдагы Акаевдин мезгилиндегидей комментарий берилген эмес. Ал эми эртеси күнү Өмүрбек Текебаевдин камалганына ишенбейм, бул провокация болуш керек деген түрдүү көз караштар кеткен. Ал эми сессиянын материалдары кеткен үчүнчү күнү болсо Жаныш Салиевич менен Надыр Мамыровдун интервьюсу кеткен. KG 24 жазганы боюнча мына ошол интервьюларды КТР берди деп туруп Мелис Эшимканов менен Темир Сариев, КТРдин жетекчисин жазалаш керек деп, бул токтомго пункт киргизип койгон. Ошондуктан өздөрү кайрадан эки түрдүү көз карашты бергенге депутаттар туура эмес таап, ушундай чечимге келип атышат.

- Ушул окуяда, ар ким өз чындыгы үчүн күрөшүп жатат. Өзүңүз айткандай КТРдин маалымат программасында сиз атаган эки адам Жаныш Бакиев менен Надыр Мамыровдун интервьюлары берилди. Ошол эле учурда ушундай мүмкүнчүлүктү депутаттык комиссиянын өкүлдөрүнө сунуш кылдыңыздарбы?

- Депутаттык комиссиянын өкүлдөрү ошол күнү 22.05ден баштап түнкү саат 4.30га чейин каалаган сөздөрүн кандай болсо ошондой кылып кетирдик.

- Анда эмнеге нааразы болуп жатышат. Балким түндө кеткенине нааразы болуп жатышкандыр?

- Түндө эмес, 22.05де биз парламентти кетиребиз дедик. Ал эми Акаевдин мезгилинде мындай көз караштагылар чечкиндүү, чырдуу окуяларды кетирмек түгүл, оппозицияны мамлекеттик телерадио компаниясына жакын жолотчу эмес. Мына ошол эле оппозицияны айрым рубрикаларда түзмө-түз алып чыгып, сүйлөтүп атабыз. Булар эски инерция боюнча эле Мамлекеттик телерадио компанияга ушундай дооматтарын айтып келип атат. Чын-чынына келгенде телевидениени көрбөгөн депутаттар сүйлөп атат көбүнчө.

- Кокус, комиссия мүчөлөрү тарабынан силерге сунуш түшкөн жок беле интервью берели деген?

- Эч кандай сунуш түшкөн эмес, парламентте сүйлөгөн сөздөрүбүздү гана кетирип бер деген, ошонун барын кетирип бердик.

- Башка маселелерден, угармандар билет, азыр атайын түзүлгөн контракттын негизинде «Азаттыктын” эртең мененки бир саат, кечки бир саат берүүсү сиздер аркылуу таратылууда Кыргызстан аймагында. Кыргыз радиосунда 16-сентябрда техникалык профилактика болот деп уктук. Бул канчага созулат, “Азаттыктын” берүүлөрүнүн обого чыгуусуна кандай таасир этет? Мунун 17-сентябрдагы элдик курултай менен байланышы жокпу?

- Бул радиодо эмес телевидениеде да жүрүп атат. Телевидениеде Өмүрбек Текебаев Варшавада камалган күнү бизде саат бешке чейин тазалоо, ремонттоо, кароо иштери жүргөн. Бул бир ай мурун пландаштырылган. Балким бир ай мурун эле силер ушундай нерсени койгонсуңар деп эртең оппозиция айыптап чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн ал убакта Аксыда ушундай курултай болот деген сөз да боло элек болчу. Күн бүркөлсө эле, оппозиция, жаңы бийлик күндү бүркөлтүп, жамгырды жаадырып койду деп ар кандай дооматтарды айта бергени бул туура эмес. Себеби оппозиция менен ар кандай иш болуп атат, эч кандай бул пландаштырылган нерсе эмес.

- Профилактиканын эртең, бүрсүгүнү «Азаттыктын” радио берүүлөрүнө обого чыгуусуна таасир тийбейби?

- Бул күндүзү боло турган иш. «Азаттык” кечинде чыгат, ошон үчүн бири-бирине эч кандай байланышы жок. “Азаттыктын” курч маселелери бизде чыгып атат, “Ыңгайсыз суроолорду” тыюу деген болгон эмес, “Азаттык” чыгып атат деген дооматтар айтылган эмес. Бул жаңы бийликтин маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине жасаган ачык белгиси. Өзүңүз деле билесиз “Азаттык” радиосу мамлекеттик телерадиокомпаниясынан чыкмак түгүл, аны кайра жапкан учурлар болгон. Ал эми бүгүнкү күндө таптакыр башкача нерсе.

- Мамлекеттик телерадио компания өзүнүн маалымат берүүлөрүндө элдик курултайды чагылдырбайбы?

- Биздин кабарчылар барат, алар ошол жерде окуя кандай болсо ошого жараша ар түрдүү көз караштагы материалдарды даярдап келишет. Ошого ылайыктап туруп биз чагылдырабыз.

- Президент мамлекеттик телерадио компанияга коомдук башкаруу киргизүүнү караган мыйзамга жакында вето койду. Бул маселеге телерадио компания жетекчилиги да өз көз карашыңыздарды билдирдиңиздерби?

- Мамлекеттин башчысы коомдук телевидениеге ушундай вето койгону, бүгүнкү күндө коомдук телевидение уюштурууда каржы жагынан көп маселелер келип чыгат экен. Коомдук телевидение болушу үчүн бул жерден рекламалар алынып коюлат, аны эл өз чөнтөгүнөн көтөрөт. Бүгүнкү күндө ошондой механизм иштелип чыккан жок. Ошолордун бардыгын тактап, коомдук телевидение кандай багытта болот, келечекте ошого жараша болуш керек. Азыр каржы маселеси чечиле элек деп туруп вето койду. Мен ойлойм, мамлекет башчысынын койгон ветосу туура деп. Себеби ошол механизмдердин бардыгын коюп, Америкадагыдай, же Батыштагыдай ачык жагдайды тандап алып туруп, андан кийин буга дароо өтүшүбүз керек. Бүгүнкү бюджеттен бөлүнгөн акча менен мамлекеттик телерадио компаниясынын 1500-1800 сом алган журналисттердин акыбалын жакшыртууга мүмкүн эмес, 70-80-жылдардагы техникаларын жаңыртууга мүмкүн эмес. Ошондуктан каржы маселесин сөзсүз түрдө карап чыгыш керек. Биринчи каржы маселесин чечсин, андан аркы коомдук телевидениеге өтүүнү келечекте, ушулардын баары чечилгенден кийин караш керек.
XS
SM
MD
LG