Адам укуктары боюнча Хелсинки федерациясы Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратып, анда бийлик саясий реформаларды жасап, коррупция, жердешчиликти токтотмоюнча абал оңолбосун эскерткен. Федерация ошондой эле 17-сентябрда Аксыда белгиленип жаткан курултайды эске салып, анда президент жана өкмөт башчысын кызматтан кетирүү талабы коюлушу мүмкүндүгүн белгилеген.