Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

АКСЫЛЫКТАРДЫН ҮМҮТҮ СЕГИЗИНЧИ КУРУЛТАЙДА


Жекшемби күнү Аксы районундагы Боспиек айлында сегизинчи элдик курултай өтөт. Курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай менен катар 2002-жылы болгон Аксы окуясы боюнча да маселе көтөрүлөт. Төрт жыл мурун окко учкан жигиттердин урук-туугандары ок атууга буйрук бергендер менен өлтүргөндөрдү таап, жазалоону талап кылышууда. Алар учурдагы бийлик ишенич-үмүтүн актабаганына нааразы. Башкы прокуратура буга дейре Аксы окуясы боюнча көп багыттуу иш жүрүп жаткандыгын билдирген.

Маалым болгондой, 17-сентябрда элдик курултай өтчү боз адырлуу Боспиек жеринде мындан төрт жыл мурун депутат А.Бекназаровдун тарапкерлери менен өкмөттүк күчтөр кагылышып кеткен. Натыйжада райондун борборуна митинг өткөргөнү жөө бараткан кишилердин арасынан 5 киши набыт болуп, элүүдөйү октон жараат алган. ”Асаба” партиясынын теңтөрагасы А.Бекназаровдун белгилешинче элге милиция тарабынан ок атылуусу жана октон өлгөн балдарга тиешелүү кылмыш иштери ачылган эмес. Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитетинин мүчөсү Табылды Жунусбаев экс-башкы прокурор баштаган иш токтоп калганын айтат:

- Акаевдин ордуна Бакиев келип, айрым бийликтегилер гана алмашылып акаевдик режим ошол боюнча сакталып калды. Негизинен Акаевдин кадрлары бийликте. Мурдагы башкы прокурор Бекназаров баштаган иштер аягына чыгарылган жок. Аксы окуясы боюнча жаңы козголгон кылмыш иши токтулуп, Акаевдин убагында коомчулуктун көзүн бурмалоо үчүн бүткөн ишке акцент коюлууда.

Оштогу аскердик сот окуяны “митингге бараткандарга тоскоолдук кылган” деген кылмыш иши боюнча териштирип, ал жаза чектеген адамдар Жогорку cот тарабынан акталган. Аксы окуясында жабырлануучулар мындай чечимге дагы эле нааразы. Агасы октон каза тапкан Нуржайна Уркумбаеванын айтымында күнөөлүүлөр табылса, анын карыган ата-энесинин көксөөсү суумак. Аксылыктардын үмүтү акталса, бийликтин кадыры бүгүнкүдөй түшпөйт болчу:

- Бири-бирине шылтап атканы аябай өкүндүрөт. Анан биз кантип ишенебиз. Бул окуя сөзсүз түрдө аягына чыгат деген. Биз аябай ишендик эле. Эми гана чыкканы? Ушуга бир жыл убакыт керек беле? Жогорку соттун чечимин бузса болбойт дейт. Феликс Куловдун, Топчубек Тургуналиевдин чечимдерин бузуп эле, жолун таап актап койду го. Жогорку соттун жөндөн-жөн күнөөсүз адамдар, жаш жигиттер өлүп атса чечимин бузуп, жолун таап жазалап койсо болот эле да ушул убакытка чейин. Ошон үчүн бул бийликке ишеним болуш үчүн акыйкат чын иштесе.

Өлгөндөргө мамлекеттик компенсация төлөнүп берилгени менен алардын балдарынын атасына болгон кумар-кусасы күчтүү. Атасы Кадыркул Сапаралиев Боспиекте окко учканда Нургүл жаңы баскан кыз болчу. Кенедейинен ата мээримин көрбөй калган кыз таш боор тагдырга туш болгонуна өкүнөт:

- Атамдын каза болгон күнүнөн берки көргөн күндөрүбүз курусун. Биз атамдын артынан ээрчип, гүл терип, ойноп жүргөн бала болсок гана. Азыр болсо отун терип, колго кетмен алып, эгин эгип, орок кармап чөп оруп, турмуштун оор тагдырына туш болгонубузга өкүнөм.

Төрт жыл мурда Четинбай Момбековдун уулу да шеит кеткен. Карыянын айтымында окуянын күнөөкөрлөрүн табууга бийликтин берген убадасы орундалган жок. Атүгүл окко учкандарга Бишкекте тургузулмак болгон эстеликтин дайыны белгисиз:

- Бишкектин бир көрүнүктүү жерине балдардын эстелигин орнотобуз деди. Муну бир да адам ойлонгон жок алиге чейин. Курманбек Бакиевдин өзүнүн убадасы бар болчу. Бакиев да ойлонбой атат. Аксынын элинин атынан чындык болот деп чыркырап жүрө беребиз.

Аксы окуясына саясий-укуктук жана моралдык жактан да баа берилбей калды. Адам укугун коргоочу ”Кылым шамы” уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Жогорку cот кылмыш ишин Конституциялык сотко өткөргөнүнө нааразы болду. Анын оюнда кезегинде өкмөт башчы Ф.Куловду актаган Жогорку сот Аксы окуясын аягына чыгарса болмок:

- Бир да адам жоопко тартылбай турат. Үч комиссиянын чечимдеринде адамдардын аты көп аталганы менен, бир адам юридикалык статья менен жоопко тартылсын деп сот таппай турат. Бирок ошол эле Куловдун чечимин бузганда Жогорку сот кандайдыр бир нерселерге таянып, актаган болчу. Ал эми Аксылык туугандарга келгенде бул негиздер жок болуп калып атат. Аксынын курман болгон азаматтарынын күнөкөрлөрү ким экендерин биз артында калган тирүүлөр аныктап, ачыкка чыгарып, моралдык дагы, юридикалык дагы, саясий дагы баасына жеткиришибиз керек.

Бирок, Башкы прокуратура буга дейре маалымат каражаттары аркылуу Аксы окуясы боюнча беш багытта тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирип келген. Айыпкерлердин жаза тартышына облустун губернатору Искендер Айдаралиев да кызыкдар. Анын пикири боюнча өлкөдө өзгөрүүлөр жок дегенге ишенүүгө болбойт. Эл өтүнүчүн бир күндө орундатуу мүмкүн эмес:

- Ким команда берген, ким ок аткыла дегендердин фамилиялары аталып, алар өздөрү колу менен жасаганды мойну менен тартыш керек мыйзамдын негизинде. Курманбек Салиевичтин ордуна алтын президент болсо дагы экономикалык, башка багыттар боюнча да бир жылдын ичинде эч нерсе кыла албайт.

Ырчы Сагынбек Момбеков аксылыктарга ок аткандарды кудай жазалаар деген оюн ыры менен туюнтту:

- Бүтө турган иш эле жакшылыкка,
Ок атылып капилет аксылыкка,
Аткыла деп буйрукту бергендер ким?
Жалган куран айынын он жетиси,
Бийлик үчүн тарыхта шерменде күн.
Алар деле каалаган баш аманды,
Бир аз эле жакшыраак жашаганды,
Кан какшаган калк үнүн укпагандар,
Кудай берсин силердин жазаңарды…
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG