Сербиянын курамындагы Косово автономиясына эгемендүүлүк берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө кечээ күнү кыйынчылыктар пайда болду. Вена шаарында өткөн кезектеги талкууга жетекчилик кылган Бириккен Улуттардын өкүлү Алберт Рохан билдиргенге караганда, мындай талкуу дагы он жылга уланса дагы, туңгуюктан чыгуу кыйын. Анын айтымында, бир пикирге келүүгө косоволуктар бир топ аракет жасады, Сербиянын өкүлдөрү болсо өз айтканынан кайтпаган турумду карманууда.
Нарын Айып, Прага
Нарын Айып, Прага