Бириккен Улуттардын Женева шаарында жайгашкан Адам укуктар боюнча комитети "Азаттыктын" Түркмөн кызматынын кабарчысы Өгүлсапар Мурадованын абакта каза тапканы тууралуу терең тынчсызданганын билдирип, Ашгабаттан - тыкан иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Мурадова үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда кармалган жана үйүндө курал кармаган деп күнөөлөнүп, 25-августта алты жылга эркинен ажыратылган. 14-сентябрда болсо Мурадованын сөөгү туугандарына берилди. Бийликтин айтымында, ал өз ажалынан өлдү, бирок анын туугандарынын айтымында, Мурадованын мойнунда муунтулгандын тагы бар.