Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

АПТА КААРМАНЫ – БУСУРМАНКУЛ ТАБАЛДИЕВ


Өтүп бараткан жумада Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев кызматынан моралдык себептерге байланыштуу кеткенин жарыялады. Анын бул кадамы саясий чөйрөдө ар кандай пикирлерди жаратууда.

1949-жылы туулган Бусурманкул Табалдиев президент Курмабек Бакиев менен тең куракташ. Ал өз ыктыяры менен эки ирет чоң кызматтан кетип, кыргыз саясатчыларынын арасында сейрек кездешчү кадамды жасады.

Табалдиев ысмы өткөн жылкы март ыңкылабынан кийин, тагыраак айтканда ал кездеги башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан кетүүсүнө байланыштуу чатактан кийин таанымал боло баштаган.

Белгилүү болгондой маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жардамчылары жана Карасуудагы чатактарга байланыштуу Азимбек Бекназаровдун чечимдерин иликтөөнү президент өз администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Бусурманкул Табалдиев башында турган комиссияга тапшырган. Мына ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Азимбек Бекназаров кызматтан алынып, башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Бусурманкул Табалдиев дайындалган. Бирок, Табалдиев Бекназаровдун ордун алыш үчүн комиссия башчысы катары компраматтарды чогулткан деген айың кептерге байланыштуу, Табалдиев бир ай иштебей башкы прокурорлук кызматтан өз ыктыяры менен кетүүгө президентке арыз берген.

Андан кийин ал президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүн кайрадан жетектеп, бирок быйылкы жылы май айында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалган эле. Табалдиев бул кызматка дайындалгандан эки күндөн кийин, 12-майда Баткен облусунун Кадамжай районуна куралдуу топ кол салып, кыргыз тарап төрт жоокер, эки атуулунан ажыраган. Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук кызматы демилгени колго алып, экстремисттик уюмдарга каршы чечкиндүү чараларды көрө баштады. Табалдиев өзү башында туруп Жалалабадда, Ошто Өзбек ислам кыймылынын куралдуу топторуна каршы натыйжалуу операцияларды өткөрүп, экстремисттик кыймылдын лидерлери жок кылынганын жарыялады. Бул операцияларда Улуттук коопсуздук кызматынын аброю артканын Табалдиев өзү да белгилеген.

Мына ушундай ийгиликтерге жетишип турган Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсүнө Польшада Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн баңгизаттын табылышы себепкер болду. Жогорку Кеңештин Текебаевге байланыштуу ишти иликтеген депутаттык комиссиясы бул ишке Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экендигин билдирип чыкты. Мына ушуга байланыштуу кызматтан бошотууга президентке арыз бергенин Бусурманкул Табалдиев 12-сентябрда парламентт билдирген эле:

- Кечээ күнү Тайырбек Сарпашев экөөбүз президентте болдук. Маалымат бердик. Натыйжалары тууралуу сиздер билесиздер. Президент эгерде иним күнөөлүү болгон иштин алкагында болсо жооп берет деп билдирди. Мен да кызматтан кетүүгө арыз бердим.

Бирок, Текебаевге байланыштуу чатакты парламенттик, мамлекеттик комиссиялар иликтеп бүтө элек. Ал эми башкы прокуратура тергөө иштерин эми гана баштап отурат. Мына ушундай шартта Бусурманкул Табалдиевдин кабыл алган чечимин оң баалагандар да, терс баалагандар жок эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Бусурманкул Табалдиев кадамын мындай баалайт:

- Мен жигитчилик катары баалаймын. Ошол жерде болуп жаткан мыйзам бузуучулук сөөгүнө жеткен болуш керек. Муну менен Улуттук коопсуздук кызматы болбой калды дегенде чынчыл, уяты бар адамдан ажырады.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Табалдиев кысымга туруштук бере албай, командасын ара жолго таштап кетти деген пикирде:

- Команданын ичинде болгондон кийин ачыктан ачык айтыш керек, баарын текшергиле, аягына чейин чыгабыз. Эгерде күнөөм болсо ошол замат кетем, деп туруш керек эле. Бирок ал кысымга туруштук бере албай, президентти да, өзү менен кошо иштеп жаткан Жаныш Бакиевди да сатып кетти. Бул өзү эркектик эмес .

Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку кызматкери Алишер Абдымомунов Табалдиевдин чечимин мындай баалады:

- Бул биринчиден баатырлык эмес. Экинчиден, коюлган милдетти так аткара албагандык. Үчүнчүдөн, жоопкерчиликтен качып, чоңдордун айтканын кылып кызматтан кетип калды. Себеби ал бул (Текебаевге байланыштуу чатак) иштин кандай болгонун билет.

Кыргызстандын оппозициячыл саясатчылары Улуттук коопсуздук кызматы Бусурманкул Табалдиевдин тушунда да ички саясатка аралашып, оппозиция өкүлдөрүн аңдуу иштерин токтотподу деген пикирде. Мына ушундай билдирүү менен жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов чыкты. «Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Роза Отунбаева да Улуттук коопсуздук кызматы аңдууну токтотподу деп айтууда.
Ошондуктан алар Улуттук коопсуздук кызматын реформалоо талабын коюп келатышат. Бул органды реформалоо боюнча долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов тарабынан жазылган. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын колунда негизинен чалгындоо, контрчалгындоо жана терроризмге каршы күрөштү калтыруу каралган.
Ал долбоорду Табалдиев жактырганын депутат Байболов кошумчалады:

- Биз жазган долбоорго ал толугу менен кошулган. Ал өзү мага айткан, ушул долбоордогудай жасалыш керек деп билдирген.

Табалдиевдин кетиши менен реформага сокку урулдубу деген суроого Байболов минтип жооп берди:

- Реформалар өзү үзгүлтүккө учурап келатат. Бирок мен президент менен жолугушууда ачык айткан элем, эгерде реформалар мындан ары да кетенчиктетиле бере турган болсо, анда тартип коргоо жана сот системасы өзүнөн-өзү урап түшүшү мүмкүн дегенмин.

Ошентип, Бусурманкул Табалдиев өз ыктыяры менен Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгын таштап кетти. Анын эми кайсы кызматка келери белгисиз. .


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG