Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

14:00. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо өткөрүү дагы жылдырылды


БИШКЕК. Ректорду шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шайлоо мөөнөтүнүн жылдырылышы Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруучу сот ишинин аягына чыга электигине байланыштуу болууда. Анын айтымында, шайлоого канча мугалим катыша тургандыгы боюнча министрликтин жана өкмөттүн каты келе элек. Ал эми ректорлукка талапкерлердин бири Амангелди Бекбалаев шайлоонун мөөнөтүн жылдырылышы министрлик жана уюштуруу комитети окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Рыспек Өмүркановго жагымсыз адамдарды алып салуу үчүн убакытты созуп жатышат, деп “Азаттыкка” билдирди.

Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG