БИШКЕК. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Азамат Калман «Азаттыкка» билдиргендей, Шанхай кызматташуу уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынында, ШКУнун алкагында региондо туруктуулуктуу бекемдөө, экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана социалдык тармакта кызматташуу маселелери талккууланды. Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун 2007-жылга бюджети бекитилди. Шанхай кызматташуу уюмунун өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны 2007-жылы Ташкентте өткөрүү боюнча макулдашууга да кол коюлду.