ТАЛАС. Сынак ушул жылдын май айында ЕККУ тарабынан облустук массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында жарыяланган. Талас шаарында жайгашкан мамлекеттик эмес медиаборбордо аталган конкурстун жыйынтыктоо аземи болду. Конкурска 18 журналист катышып, облустук губернатордун жардамчысы Абдышарип Бекилов, «Талас турмушу» облустук гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов сыйлыкка ээ болушту. Калган конкурстун катышуучулары атайын белектер менен сыйланды.
Уланбек Эсенгелди уулу
Уланбек Эсенгелди уулу