Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

«ЭЛ ЖАҢЫ РЕВОЛЮЦИЯНЫ ЭМЕС, РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛАП КЫЛАТ»


Кубатбек Чекиров, Бишкек Кыргызстанда депутат Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган маңзат чагымынан ("Матрешка окуясынан") кийин курчуган кырдаалды бир катар саясатчылар бийлик кризиси тереңдеп, кезектеги революциялык бурулуштун башталышы катары жоруп мүнөздөп жиберишти. Бирок, башка эксперттердин баамында, бийлик төрүндө кырдаал чыңала түшкөн менен жалпы өлкө боюнча абал туруктуу кармалып турат. Алардын жүйөөсүндө, парламенттеги көпчүлүк азыр президентке каршы чыкпайт, экинчиден, элдин айрым бөлүгү акыркы окуялардан улам бийликке иренжип калган менен, калың журт оппозициялык күчтөрдү ээрчип кеткенге даяр эмес.

Депутат Өмүрбек Текебаев Варшавада баңгизат менен кармалган окуя адегенде өлкөдөгү абалды кыйла курчутуп жиберген эле.

Бул инцидентти иликтеген парламенттик комиссия Текебаевге каршы баңгизат чагымын президенттин бир тууган иниси Жаныш (Жаныбек) Бакиев уюштургандыгы жөнүндө "Манас" аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун президентке жазылган түшүнүк катынын көчүрмөсүн көтөрүп чыгып, ызы-чуу ого бетер курчуган. (Кийинчерээк Мамыров бул катты жазган эместигин айтып чыкты).

Жаныш Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалганына аз эле убакыт болгон.

Парламенттеги чабуулга туруштук бере албай, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бузурманкул Таабалдиев жана анын биринчи орун басары болгон Жаныш Бакиев экөө тең кызматтан кетүүгө аргасыз болушту.

Буга шыктанган оппозициядагы депутаттар президент менен премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылууга өтүшкөн.

Бирок, президент Курманбек Бакиев парламентке келип чыгып сүйлөп, бул жаңжалдуу окуя терең иликтенип, сот чечими чыкмайынча негизсиз ызы-чуу көтөрүшкө каршы экенин, жана анын кызматтан кетиши жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эместигин баса белгилеген оюн айткандан кийин кырдаал өзгөрө түштү.

Айрым саясий талдоочулардын баамында, Бакиевдин парламенттеги сөзүнөн кийин чыңалган кырдаалдын боосу кайра бошой түшкөнү, биринчи кезекте, парламенттеги көпчүлүктүн президентке каршы чыкпай, оппозицияны да колдобой, ортосаар позицияда калганы менен түшүндүрүлөт.

- Парламенттеги кырдаал жана элдин ага мамилеси абалдын азырынча колдо турганын көрсөтүп турат. Мындан ары кырдаал конструктивдүү өнүткө өтүшү керек. Ар бир жаңы революция биздин өлкөнү саясий жана экономикалык кыйроо коркунучуна алып барып такашы ыктымал. Муну баары түшүнүп турат, - дейт бишкектик саясат таануучу Нур Омаров.

Текебаевге каршы уюштурулган "матрешка" чатагына президенттин инисинин катышы бар экенин парламенттик комиссия адеп угузганда депутаттардын ичинен бийликти айыптап сүйлөгөндөр көп эле болгон.

Бирок, Бакиев алардын алдына келгенде анын кызматтан кетиши жөнүндө ачык маселе козгогонго эки-үч депутат гана батынды, калганы президенттин сөзүн эп көрүп, унчукпай калышты.

Бул, бирок, парламентте президентке жан тарткан көпчүлүк бар дегенди билдирбейт, дейт депутат Осмонбек Артыкбаев:

- Көбү - ортосаар. Кырдаалга жараша, күч каякка ооп баратса, ошол жакка ээрчиген кырдаал болуп турат азыр.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун баамында, соңку окуялар бийликте кризис бар экенин айдан ачык көрсөтүп турат, бирок революциялык кырдаал түзүлүш үчүн төмөн тарапта дагы кризис бышып жетилип, эл бул системада жашагандан таптакыр баш тарткан учур келиши керек. Азыр андай көрүнүш байкалбайт, болуп аткан окуяларга калың элдин мамилеси кайдыгер бойдон калууда:

- Эл өзүнүн тиричилиги менен алек, бийлик кандай бөлүнөт, кимге бөлүнөт, аны менен иши жок, - дейт экс-депутат Курманов, революция тууралуу марксисттердин теориясын эске салып.

Оппозиция эртең (17-сентябрда) Аксы районунда кезектеги элдик курултайды өткөзөт.

Бул курултай жайдан бери эле даярдалып аткан, эми соңку окуялар кошул-ташыл болуп, оппозиция анда Бакиевдин кызматтан кетиши жөнүндө талаптарды да талкууга койгон жатат.

Аксыдагы курултайда радикалдуу талаптар көтөрүлсө, оппозициялык күчтөр көчө акцияларын уюштуруп, бийлик менен тирешүү күчөп, кырдаал кайра курчушу ыктымалдан алыс эмес дегендер бар.

Бирок, айрым эксперттердин баамында, бийлик кырдаалды жөндөп кеткенге аракет кылууда жана аны колдон чыгарып жибербешке ресурстары жетиштүү.

Экинчи жагынан, бийликке каршы кыймыл-аракеттер массалык мүнөзгө өтүшү кыйын, анткени соңку окуялардан улам элдин айрым бөлүгү бийликке иренжип калган менен, калың журт кырдаалдын дагы чайпалып, дагы бир революциянын чыгышына кызыкдар эмес.

Арийне, дагы бир маселе – деги ыңкылаптан кийинки өкмөттүн өзү чечкиндүү реформаларды жүргүзүүгө ынтызарбы?

Расмий бийлик бул суроого “ооба” деп жооп берсе, оппозиция аны “сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө далилде” деп сындап келет.

Дал ушундай чечкиндүү конституциялык жана башка реформалар гана азыркы туңгуюктан алып чыгуусу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү саясатчылар жана адистер гана эмес, чет өлкөлүк байкоочулар да байма-бай айтып келишет.

XS
SM
MD
LG