Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮНДӨ РИМ ПАПАСЫНЫН ДАРЕГИНЕ СЫН КӨБӨЙҮҮДӨ


Франциядан баштап Сауди Аравия менен Ооганстанга чейин мусулмандар көчөлөргө чыгып, рим папасынын ислам жөнүндө келтирген шилтемесин айыпташууда. 12-сентябрда Бенедикт XVI Регенсбург университетинде чыгып сүйлөп, Византиянын императору Мануэл Экинчинин исламды сындаган сөзүн шилтеме катары айткан болчу.

Бүгүн Иордан дарыясынын батыш жээгинде эки чиркөөгө чакан бомба ыргытылды. Бул да папанын сөздөрүнө карата терс мамиле катары бааланууда.

Пакистандын парламенти кечээ кабыл алган резолюцияда Бенедикт XVI өз сөздөрүн артка алышы керек деп айтылат.

Тегеранда жума намазы маалында эскичил диниятчы Ахмад Хатами "папа исламга акаарат келтирди" деди.

Америкалык "Нью-Йорк таймс" гезити болсо Бенедикт XVI мусулмандардан кечирим сурашы керек деп жазып чыкты.

12-сентябрда улуту немис Бенедикт XVI бир кездери өзү окуган Регенсбург университетинде сүйлөп, Византиянын императору Мануэл Экинчинин исламды сындаган бир сөзүн келтирген:

- Мухаммед жаңы эмне алып келгенин айтсаңар, жалаң жамандык менен ырайымсыздыкты алып келген. Ал өзү насаат кылган динди таратуу үчүн кылыч колдонууга буйрук берген.

Бенедикт XVI византиялык императордун динди зомбулуктун жардамы менен жайылтуу мүмкүн эмес деген оюн улам кайталаган.

Арийне, мусулмандар анын сөзүн кордоо, акаарат катары кабыл алышты.

Париждеги нааразылык демонстрациясына катышкан Мухаммед аттуу жигит мындай дейт:

- Папа андан көрө диндер аралык баарлашуу (диалог), тынчтык жөнүндө сөз кылса болмок. Ал отту тутантып, исламды рационалдуу эмес дин деп күнөөлөдү. Ал кресттүүлөр жортуулуна даярданып жаткан адамды эске салат, Буштун тенденциясына ооп баратат.

Ватикан болсо понтифик мусулмандарды таарынтууну каалаган эмес деп билдирди.

Папага болушкан лидерлер азырынча анча көп эмес. Алардын бири - Германиянын канцлери Ангела Меркел айым. “Билд” журналына берген интервьюсунда Меркел айым нааразы болгондор папанын чыныгы максатын түшүнүп-аңдашкан жок деп билдирди.

"Ал диндер аралык баарлашууга чакырган", - деди немис канцлери.

Бирок Бенедикт XVI маркум Иоанн Павел Экинчиден айырмаланып, исламга карата катуу турумду ээлейт.


Маселен, бир жылча мурун папа Түркия Европа биримдигине кабыл алынбашы керек деген.

Баса, Түркия понтифик бара турган алгачкы мусулман өлкөсү болмокчу.

Арийне, Түркиянын диний башкармалыгынын төрагасы Али Бардакуулу "папа өзүнүн алдыдагы сапарынын алдында дагы көп нерселерге түшүндүрмө бериши керек" деп билдирди.
XS
SM
MD
LG