Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

МАРС – КЫРГЫЗДЫН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЧОҢ КОМУЗЧУСУ


1982-жыл. 1-июнь. Мукаш менен Алмагүл төбөлөрү көккө жетип чоң кубанычтын кучагына батышат. Үч кыздан кийин көптөн бери көксөп, Кудайдан тилеп жүргөн тилектери кабыл болуп уулду болушат. Атын Марс коюшат.

Жайнаган жүздүү, бакыракай көздүү, бал тилдүү Марс үч жашка чыкканда күтүүсүз жерден эки көзү көрбөй калат. Ата-энеси кайгыга белчесинен батып отура бербей, бүтүндөй күч аракеттерин Марска жумшашат. Барбаган догдуру, табыпчысы калбайт.

Акырында эне-атасы акылы тунук, ырга ынак, күү жандуу туубаса музыкалык сезимге бай Марсты Бишкектеги сокурлар жана начар көргөн балдардын мектебинен окутат. Аны бүтөөрү менен Марс М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Ал музыкалык окуу жайын эң жакшы деген баалар менен бүтүрүп, Кыргыз Улуттук консерваториянын салттык музыка факультетине өтөт. Марс азыркы тапта 5-курста окуйт. Жаш талант комузду кандайча кармап чертип калганы жөнүндө мындай дейт:

- Мен комузду 4-5 жашымдан кармап черте баштадым. Маркум таякем музыкалык билими жок болсо да комузду так, таза чертчү. Мени ошол киши комузга үйрөтүп, тарбиялаган.

- Баса, Марс мырза, айтылуу “Кыргыз көчү” күүсүнүн тарых таржымалын айтып берсең?

- Асанбек Кадырназаровдун “Кыргыз көчү” аттуу күүсүнүн чыгышы агасы Асанкожо менен сүйгөн кызынын тагдырына байланыштуу экен. Асанкожо улуу Атамекендик согушта жүргөндө кызды эне-атасы башка бирөөгө күйөөгө бермек болот. Ошондо ал Асанкожонун эне-атасыныкына качып келет. Алар жоолук салып келин кылып алышат. Ошол мезгилде Асанкожо согушта курман болду деген “кара кагаз” келет. Ошондо сүйгөн кызы “кара салынып, ботодой боздоп, үйдө жазында, жайында тоо жаңырта Асанкожону жоктоп кошок кошчу экен. Ошол көрүнүштү өз көзү менен көргөн, өзү күбө болгон Асанбек кийин агасынын жаркын элесине арнап, азыркы “Кыргыз көчү” аттуу күүсүн чыгарыптыр.

- Марс мырза кечирип кой, тагдырга айла жок экен, туубаса азиз экенсиң. Нотаны кандай системада үйрөнүп жүрөсүң?

- Илгентен эле азиздер үчүн иштелип чыккан брайло деген система бар. Мен нотаны биринчи класстан тартып ушул система менен окуп, үйрөнүп жүрөм.

- Комуз чертүү менен бирге дастан да айтат экенсиң...

- Мен дастанды жакындан баштап эле айта баштадым. Сыймык Бейшекеевдин “”Кайырчынын казалы” ж.б. дастандарды ырдап жүрөм.

Устаты Насып Калматова, Марстын музыкалык билими бар. Угуу сезими өтө күчтүү. Астына койгон максаттары чоң. Менин оюмча аны келечекте чоң комузчу болот деп ишенем,- дейт.


Балбай Алагушев, Бишкек
XS
SM
MD
LG