Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ШАКЕНДИН ШЫРДАКТАРЫ, ООМАТЫ АРТКАН ОШ ТЕАТРЫ


(Узап бараткан аптанын маданий окуялары)

Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде белгилүү чебер, Кыргыз эл сүрөтчүсү Шакен Мамбетаипованын эмгектерин чагылдырган көргөзмө ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына маданият министрлигинин өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, акындар жана маркумдун жакындары катышты. Көргөзмөдө Шакен Мамбетаипованын чебер колунан жаралган шырдактар, кийиз бетине, ошондой эле чийге тартылган оюм-чийимдер, ар түрдүү жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн улуттук буюмдары жана тарткан сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Шакен Мамбетаипованын колунан өз элин даңктаган ондогон эмгектери жаралса, калеминен “Байыркы жылдыздар”, “Улуу тоолор”, “Кыргыз пейили” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Шакен Мамбетаипова кыргыз аялдарынан чыккан тунгуч профессионал сүрөтчү болгон. Анын көптөгөн эмгектери дүйнө музейлеринен орун алган. Учурда Шакен Мамбетаипованын балдары эне жолун улантып, сүрөтчүлүк жана акындык кесипти аркалап келишүүдө. Маселен кыздары сүрөтчүлүк өнөр менен алектенишсе, уулу Жыргалбек Касаболотов ыр жазат. Маркумдун туулган күнүнүн жетимиш жылдыгына арналып уюштурулган көргөзмө 27-сентябрга чейин созулмакчы.


Бейшембиде Кыргызстандын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиянын демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Ырдайлы кыргыз ырларын!” аттуу фестивалга тандоо жүрдү. Иш-чаранын талабына ылайык Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ырдашып, элдик дастандарды айтышты. Облустардан жеңип чыккан өнөрпоздор 21-22-сентябрда борбордо өтүүчү фестивалга жолдомо алышты. Иш-чаранын талабына ылайык башка улуттардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун артыруу жана улуттар аралык достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан бул фестивалдын баш байгесине 100 миң сом коюлган. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

6- 13-сентябрь күндөрү Алматыда биринчи эл аралык театр фестивалы өттү. Ага Кыргызстандан Султан Ибраимов атындагы Ош драма театры С.Раевдин “Кашар” аттуу пьесасынын негизинде сахналаштырылган спектакли менен катышып, баш байгеге ээ болуп кайтышты. Ошондой эле Алматыда өткөн “Шакендин жылдыздары” аттуу кинофестивалда кыргыз кинорежиссеру Марат Алыкулов тарткан “Чек ара” тасмасы да баш байгеге таттыктуу болду. Аталган фестивалда “Чек ара” тасмасынан тышкары 80 өлкөнүн тасмалары көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.


Бул жумада “Тунгуч” тамаша театрынын артистери Болот Тентимишов менен Сайра Эсенбаева “Тамаша сандыгы” аттуу чыгармачылык кечесин өткөрүштү. Аны менен катар “Аралаш” тамаша тобу жыйырма жылдык мааракесин белгиледи.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG