Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

13:15. Аксы районундагы Боспиек айылында сегизинчи элдик курултай өтүп жатат


БИШКЕК. «Азаттыктын» кабарчысы Ы. Абдыраимовдун маалыматына караганда курултайга 2 миңден ашык адам катышууда. Курултайга мамлекеттик катчы А. Мадумаров, коопсуздук кеңешинин катчысы М. Ниязов, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Т. Акун катышып жатышат. Парламент депутаттары: Ө. Текебаев, Т.Сариев, Д. Садырбаев, Б. Шерниязов, М. Эшимканов жана башка бир катар саясатчылар, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдардын лидерлери жана бардык аймактардан өкүлдөр келишкен.

Бул иш чара башталар алдында Боспиек кыштагы караган айыл өкмөттүн жетекчилери бир нече адамдар менен келишип, курултай өткөрүү боюнча жергиликтүү бийлик менен макулдашылбаганын айтышып, иш чараны токтотууга аракет кылышты. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси А.Абдирасулова бул көрүнүштү атайын уюштурулган провокация деп баалады.

Курултайдын жүрүшүндө азыркы учурдагы расмий бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты кескин сынга алынып, конституциялык реформаны тездетүү, 2002-жылкы Аксы окуясын адилет карап, күнөөлүүлөрдү жазалоо талаптары коюлууда. Курултай өтүп жаткан жердеги коомдук тартипти сактоо жергиликтүү милиция кызматекерлери тарабынан көзөмөлгө алынууда.

XS
SM
MD
LG