БИШКЕК. Аксыдагы Боспиек айылында өткөн курултайга катышкан кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун билдиргенине караганда, каршылык көрсөткөн айыл өкмөтүнүн башчысы жана 30 чакты адам курултайды Боспиекте өткөрүүгө уруксат берген эмеспиз, биздин дарекке ырасмий кайрылуу келген эмес деп айтышкан. Президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун муну провакация катары баалап, мындай аракеттерди токтотууну талап кылды.
Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындай провакация болоору 16-сентябрда эле маалым болгонун айткан.
Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындай провакация болоору 16-сентябрда эле маалым болгонун айткан.