Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

18:00. Аксы районундагы Боспиек айылында сегизинчи элдик курултай болуп өттү


БИШКЕК. “Азаттыктын” кабарчысы Ырыспай Абдыраимовдун маалыматына караганда курултайга 2 миңден ашык адам катышты. Курултайга парламент депутаттары: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Дооронбек Садырбаев, Болот Шерниязов, Мелис Эшимканов жана башка бир катар саясатчылар, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдардын лидерлери жана аймактардан өкүлдөр келишти.

Курултайга расмий бийликтен мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун катышты.Курултайдын жүрүшүндө учурдагы расмий бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты кескин сынга алынды. Курултайдын катышуучулары конституциялык реформаны тездетүү, 2002-жылкы Аксы окуясын 1 айдын ичинде адилет карап чыгуу, бийликке жагымсыз оппозиция өкүлдөрүн куугунуктоону токтотуу, “матрешка” чатагына тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу, чет жакта элчи болуп жүргөн президент Бакиевдин ининлерин кайра чакыртып алуу талаптары коюлду. Эгерде бул талаптар аткарылбаса Бакиев Кулов тандеми отставкага кетсин деген талаптар айтылды. Кийинки курултай орозо бүткөндөн кийин Бишкекте өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG