Бенедикт Исламды сындаган сөздөргө шилтема келтирген сөзү сынга алынгандан кийин ал мусулмандар менен ачык диалог түзүүнү максат кылаарын белгиледи. Өткөн аптада Рим папасы 14-кылымда жашап өткөн христиан императордун "Мухаммад пайгамбар дүйнөгө жаманчылыктан башка эч нерсе алып келген жок" деп айткан сөздөрүн келтирген эле.
Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөлүк диний жол башчыларды жоопкерчиликтүү болуп, сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды.Бүгүн ошондой эле расмий Иран Тегерандагы Ватикан элчисин чакырып, Рим папасынын билдирүүсүнө нааразылык нотасын тапшырды.
Анын аралыгында Италияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Рим папасынын билдирүүсүнөн кийин бир нече исламдык топ коркутуулар менен чыккандан кийин Италиянын ички иштер министрлиги полиция башчыларына улуттук коопсуздук чараларын бекемдөөгө буйрук берди.