Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

РИМ ПАПАСЫНЫН СӨЗҮНӨ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДА НААРАЗЫ


Рим Папасы Бенедикт ХVI Германиянын Регенсбург университетинде лекция окуп жатып, Византиянын императору Мануэл IIнин Мухаммед пайгамбарга каршы сөзүн пайдалануусу кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырган жок. Анын сөзүнө нааразы болуп, жаалданган пикирлер арбын. Папанын лекциясынын стенограммасы менен толук таанышууну каалагандар да бар.

Мусулман дин кызматкери, “Дилмүрөк” адеп-ахлак, маданият борборунун жетекчиси Өзүбек ажы Чотонов Рим Папасы Бенедикт ХVIнын сөзүн кезектеги чагым деп сыпаттады:

-Куранда араздаштырыш – киши өлтүргөндөн да чоң күнөө экендиги айтылган. Өткөндө биздин пайгамбарыбызга шылдың сүрөт тартылды.11-сентябрдагы алааматтарды дагы өздөрү уюштурушкан. Булар бүт-баары пландаштырылып жасалган нерселер,- дейт Өзүбек ажы

Рим Папасы Бенедикт ХVI Византия императору Мануэл Экинчинин: “Мухаммед жаңы эмне алып келгенин айтсаңар, жалаң жамандык менен ырайымсыздыкты алып келген. Ал өзү насаат кылган динди таратуу үчун кылыч колдонууга буйрук берген.” – деген сөздөрүн мисал туткан.

Өзүбек-ажы Чотонов Мухаммед пайгамбар тескерисинче араб дүйнөсүнө, мусулман дүйнөсүнө эң чоң жакшылыктарды алып келген, арабдар мурда кыз төрөлсө тирүүлөй көөмүп салчу экен, уруу менен уруу, коом менен коом катуу согушчу экен, ошол жамандыктарды бүт жоюп, сүйүүнү, ынтымакчылыкты ширеткен деп эсептейт.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов мурдагы Рим Папасы Иоанн Павель II менен жолугуп сүйлөшкөндүгүн эскерип, Павель II өзүнө ок аткан Түркия жаранын түрмөгө барып кечиргендигин баалап, ага караганда азыркы Папа Бенидикт ХVI билим деңгээли, жалпы дүйнөлүк кырдаалды аңдоосу боюнча төмөн турарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу азыркы Рим Папасынын сөздөрү менен Американын Президенти Джордж Буштун өткөндө айткан “ислам фашизми” деген сөзү үндөшүп турарын, Папа эки айдан кийин Түркияга жасалчу расмий иш сапарын токтото турбаса кыйын болорун кошумчалады.

Бишкектеги орус православ чиркөөсүнүн кызматкери Алексей Сыромятников болсо Рим Папасынын сөзүн саясат менен гана байланыштырат:

-Бул – саясат. Бул рух лидеринин сөзү эмес, саясий лидердин сөзү. Католиктердин жетекчиси – Ватикан деген мамлекеттин да жетекчиси эмеспи. Анын эки жүзү бар да.

Шилтеме келтиргени үчүн эле мусулмандар чуу чыгарганын жактырбай Кыргыз улуттук университетинин мугалими Нуралы Алиев Рим Папасынын ошол лекциясынын стенограммасын толук окугусу келгендигин жана ошондон кийин гана пикир айтса болорлугун эскертти.

Кырдаал чалкештене берсе (кечирим суралбаса) Кыргызстанда да Рим Папасынын сөзүнө каршы акциялар уюштурулушу мүмкүн экендигин эскерткендер арбын.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG