Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

МИРОСЛАВ НИЯЗОВ: «ЭЛ БОЛБОЙ КАЛАБЫЗ, ПРЕЗИДЕНТТЕРДИ КЕТИРЕ БЕРСЕК»


«Азаттыктын» кабарчысы Замира Кожобаева Аксыда аяктаган элдик курултайдан кийин Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовго бир нече суроолор менен кайрылган.

- Мирослав мырза айтсаңыз бул курултайга бийликтин өкүлү катарыбы же жөнөкөй жаран катары келдиңизби?

- Жаран катары дагы, бийликтин өкүлү катары да келдим. Бийлик менен элдин ортосунда жарака кетпесин деп. Мына бүгүн эл менен жолугушуп, Ак үйдөн келип жатышат. Жергиликтүү айыл тургундары, губернаторлор, акимдер катышып жатат. Бул деген эл менен бирге болуш керек. Ошондуктан мен ойлойм бүгүнкү курултай дейби же башкача айтабы бул керектүү нерсе.

- Бул жерде айтылып жаткан айрым катуу талаптарды сиз кандай баалайсыз?

- Биз мурдагы президентти кетиргенден кийин айрым адамдар ойлоп жатат. Азыр бул бийликти да кетириш керек дешип. Бул эң туура эмес жол. Биз мыйзам чегинде иштешибиз керек. Андай болбосо эл болбой калабыз,президенттерди кетире берсек. Беш жылга шайланган президент, парламентти эл шайлады демек, булар иштеш керек. Бирок, элдин да талабын аткарыш керек. Эл дагы өзүнүн талабын коюш керек. Телегейи тең болуш үчүн биз эч качан кайдыгер мамилени бийликке да, элге да жасабашыбыз керек.

- Мирослав мырза, өткөндө Жогорку Кеңеште президент сүйлөгөн сөзүндө сизди айтып кетти эле эс алуудан кийин башка жумушка кеткени жатат, деп. Ушул боюнча айта кетсеңиз?

-Бул жөнүндө эч нерсе айта албайм. Аны турмуш көрсөтөр.

- Өмүрбек Текебаевдин айланасында болгон чырда Сиз эмнегедир өкмөттүн позициясын билдирген жоксуз. Жогорку Кеңештеги депутаттар маселе көтөрүштү, эмнеге коопсуздук кеңештин катчысы унчукпайт дешип. Буга сиз кандай көз караштасыз?

- Биринчиден, мен ал убакта эс алууда болчумун. Бул маселени аягына чыккандан кийин коопсуздук кеңешке сунуштаса болот.

- Рахмат маегиңизге.

Суроо салган Замира Кожобаева, Аксы

XS
SM
MD
LG